Домой Саясат / Политика Чуулгандуу иштен куйругун түйүп качты

Чуулгандуу иштен куйругун түйүп качты

-“Азаттык” радиосунун “Кыргызстандан чыгарылган миллиондор” тууралуу иликтөөсүнөн кийин коррупционерлердин ана башында турат дешкен Раим миллион, бүгүнкүлөр менен бажы жана контрабанда тармагында тыгыз иштешип келген Абу Сахий фирмасынын ээси Хабибулла Абдулкадир жана Саймаитинин ортосунда аласа-береседен улам чыккан чырдын башы уйгур улутундагы кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү менен башталды. Тергөөнүн ишин илгерилетип жиберчү депутаттык комиссия түзүлгөнү менен жыйынтык тургай, үн чыккан жок. Ошентип эл эки-үч айдан бери коронавирус пандемиясы менен алаксып, Раим миллион, Саймаити, кыскасы, бажыдагы коррупция деле унутулуп калган. “Шибегени капка ката албайсың” демекчи, кыңыр иштер каңырсып, четинен суурулуп, капты теше баштады. Чындыктан буйтап өтүүгө тапшырма алгандардын шору шорподой кайнайды. Мунун эртеңи эмне болоорун билген Мирлан Жээнчороев депутаттык комиссиянын курамынан чыгуу тууралуу арызын добушка коюп, куйругун түйө качты. Бул кадамынын себебин түшүндүрүүнүн деле кажети жок го дейм, айдан ачык болуп турбайбы. “Кыңыр иш кырк жылда биленет” демекчи, эртең эле былгый турчу иш экенин билген Жээнчороев жети өмүрү жерге кирип, эл алдында уят болоорун да билди. Ошол себептүү депутаттык комиссиянын курамынан чыгып кетти. Ал эми депутаттык комиссияны жетектеген Талант Мамытов “Бажыдан чыгарылган миллиондорго Раим Матраимовдун тиешеси жок” деп билдирүү жасады…

Oper.kg