Домой Саясат / Политика “Бул шайлоодо кошоматчылардан арылгыла”

“Бул шайлоодо кошоматчылардан арылгыла”

-25-июнда парламенттик жыйында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева менен КСДП фракциясынын депутаты Айнура Осмонова сунуштаган “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул мыйзам долбоорун “чимкирик парламенттин” көпчүлүк “чимкириктери” колдоп, мектеп окуучуларындай колдорун кнопкадан алышкан жок. Бул мыйзам долбоорун колдобоого чакырык таштагандардын бири “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев, “Бүгүн коомго бул мыйзамдын кереги жок. Келе жаткан шайлоодо 30 жылдан бери кошомат кылгандарды иллюстрация кылууга мүмкүнчүлүк келет. Жогоруда кээ бир кошоматчылык кылып, кошоматчылык менен көмүрлөрдү, кендерди жыйнагандарды иллюстрация кылмайынча эс качан демократия орнобойт. Бүгүн элде тарыхый мүмкүнчүлүк бар. Келе жаткан шайлоодо кошоматчылардан арылгыла. Ошондо гана эркин, адилеттүү мамлекетти түзсө болот”,- деди

Oper.kg