Домой Саясат / Политика Сабиржан Абдикаримовдун ордуна Элнура Боронбаева келеби?

Сабиржан Абдикаримовдун ордуна Элнура Боронбаева келеби?

Чү дегенде эле кызмат үчүн жалпы жумурай журттун алдында Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов “бул оору азаят, 5 күн калды” деген убада менен ишти баштаган. Баса, кеткен министр да коронавирус илдети Кыргызстанга келбей турганын, келсе башы менен жооп берээрин айтканы бар. Тилекке каршы, кырдаал булар балп эттиргендей болгон жок. Тескерисинче, коронавирус менен грипп күч алууда. Ооругандар менен ооруну жуктургандардын, оорудан каза тапкандардын саны күн санап өсүүдө. Кыскасы, үч айдын ичинде жаңы министр иш жөндөмүнүн жоктугун, чабалдыгын көрсөттү. Кагазга гана жазылган кайран гана кырк жылдык тажрыйба…

Апрель айында эле министрлик кызматка отурган Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов айласы алты кетип, кызматтан кетүү арызын жазганын, бирок, анын арызын жогору жак кабыл албай жатканын эшиткенбиз. Эми минтип министр ден-соолугуна байланыштуу кызматтан кеткенин, анын ордуна Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Элнура Боронбаева келээри айтылууда. Кыскасы, боорондуу күнү бок кычайт, болжолдуу күнү жок кычайт болду го…

Oper.kg