Домой Саясат / Политика Азимжан Аскаров №47 абакта каза болду

Азимжан Аскаров №47 абакта каза болду

2010-жылдагы июнь коогалаңын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров 25-июлда №47 абакта каза болду. Абакта каза болгон Аскаровдун сөөгү союлуп медициналык текшерүүдөн өткөрүлдү. Анын жыйынтыгы 27-июлда чыгарын «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси, жактоочу Төлөкан Исмаилова билдирди. «27-июлда Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигине барып сүйлөшүп, Аскаровдун сөөгүн Өзбекстанга салабыз. Ал аялына «мен жаман болуп жатам. Эгерде өлүп калсам балдарым сөөгүмдү Өзбекстанда жерге берсин» деп айткан сөздөрү бар», — деди Исмаилова. Ошондой эле, ал Азимжан Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу кыргыз өкмөтү менен соттошо турганын, Кыргызстандын түрмөлөрүндө айыбы далилденбеген дагы бир топ адамдар камалып отурганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Азимжан Аскаров 2010-жылы, Кыргызстандын түштүгүндө кыргыздар-менен өзбектердин ортосунда болгон этникалык жаңжалдын учурунда милиция тарабынан кармалып, тергөө аны базар-коргондук милиционер Мыктыбек Сулаймановду өлтүрүүгө айыптаган. Ошондой эле, ага карата жаңжал учурунда массалык башаламандыктарды уюштуруу жана улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча айыптары тагылган. 2010-жылы жогорку инстанциялардын соттору Аскаровдун өмүрү өткүчөктү абакта отуруу мөөнөтүн күчүндө калтырган.

Эл аралык укук коргоо коомунун мүчөлөрү Аскаровду коргоого арналган акцияларды бир нече жолу уюштурган. Бирок мындан майнап чыккан эмес, анын үстүнө Жогорку соттун чечиминин үстүнөн даттанууга мүмкүн болбой калган. Укук коргоочунун кийин ачкачылык кармоосу жана эл аралык акциялардын жаңы толкундарынан майнап чыккан эмес.

Oper.kg