Домой Коом / Общество Галина Байтерек Аспековдун билдирүүсүнө жооп берди!

Галина Байтерек Аспековдун билдирүүсүнө жооп берди!

Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Аспековдун билдирүүсүнө мындай деп жооп берди:

«Бул толугу менен калп жана жалган маалымат. Аспеков мындай билдирүүлөрү менен коомду адаштырып жатат. Бул эч качан болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес. Анын сөздөрүнө олуттуу деле маани бербеш керек. Опузалап пара алгандыгы үчүн камакка алынганын эске салсак жетиштүү болот. Ушундай айыптоодон кийин, анын айткандарына кантип ишенсең болот?» — дейт Галина Байтерек.

Эске салсак, бүгүн, 14-майда УКМКнын тергөө абагында жаткан Мелис Аспеков Фейсбук баракчасына билдирүү таратып, Садыр Жапаров президенттик шайлоого Сооронбай Жээнбеков жана иниси Асылбек Жээнбековдон 10 млн доллар каражат алганын айтып, ошол себептен камай албай жатканын жазып чыккан.

Анын билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз:

«Садыр Жапаров өзүнүн шайлоосуна Сооронбай, Асылбек Жеенбековдордон 10млн$ алган, аларды жоопкерчиликке тартпайт,камай албайт.

5-Октябрь дагы төңкөрүштөн кийин,Садыр Жапаров абакта жаткан учурдагы берген убадаларынын аткарылышынын,мен талап кылып баштадым.

Мисалы Кумторду денонсация кылып,эл үчүн иштеп берүүсүн, Жерүйдү бери дегенде 50% Кыргыз тарапка алуусун, люстрация мыйзамын кабыл алып, коррупция менен аесуз күрөшкөнун, энергетика тармагындагы Шыршовдун схемаларын,кан буугандай токтотуу,бажыдагы уурулукту жөнгө салуу,Дача суудагы окуяга чекит коёрун,Жеенбековдорду,элди атканга берген буйрук үчүн,жоопко тартууну ж.б. убадаларын.

Сөздөрүнүн биринде, Садыр Президент болгон соң,бул убадалар ишке ашат, андан көрү келе жаткан шайлоодо Чүй облусунун координатор болуп бер деген сунушун айтты.

Жапаровдун айтымында,шайлоо учурунда Чүйгө 1млн$ болуноорун баса белгиледи.Ишенбеген адам турбаса,акчанын дайынын таппай калабыз, керектүү добуш албасак,мен Президент болбой калсам,бизди камайт,биз биринчи турунда уруп чыгышыбыз зарыл деп тапшырма берди.Мен макул болуп,дароо штаб ачып, керектүү кызматкерлерди жалдап, кеңсеге компьютер жабдыктарын алып ар бир районго координаторлорду бекитип, миңдеген агитаторлорду тандап (тизмеси бар), кыскасы шайлоо башталышына толук даярдык көрүлдү.

Садыр айткандай 1млн$ акча каражатын, шайлоо учурунда үч бөлүп, өз колу менен Аларча резиденциясынан мага берди. Сөзүм кур болбош үчүн,ар бир райондун координаторлордун паспорт көчүрмөлөрү менен,менден шайлоого алган каражаттарынын кол каттары далил катары көрсөңүздөр болот.

Бул чыгымдардан тышкары,башка көптөгөн чыгымдар болду.Тонналап бензин алганбыз, көптөгөн коомдук бирикмелердин,кыймылдардын,диасполардын жаш топтордун лидерлер менен кызматташуу, алар бекер иштебейт.

Мен 1000$ ашпаган чыгымдардын,кол каттарын алчу эмесмин,болгону журналга тушурчумун.

Чүйдөн шайлоого королгон 1млн$ ачык коомчулукка көрсөтүлүп,салыктары төлөнөт деп ойлогом, бирок андай болгон жок.

Республикалык штаб жалпысынан шайлоого болгону 40млн сомдун тегерегинде чогулуп,сарпталганын жарыя кылды.Мындай чоң мыйзам бузууну кандай түшүнсө болот деп,Садырдын өзүнө бардым.Анын айтымында,эгерде бардык чыгымдарды ачык көрсөтсөк, көп салык төлөйбүз,Эл бизди жеп коёт,мынча акчаны жаңы келип кайдан алдыңар деп ызырынып баштады.

Мен шайлоого Жеенбековдордон 10млн$ алдым деп ачык эле айтты уялбай.

Башка аларды кама дегенди токтот, алардан башка ким бермек эле деп кайрадан менден сурайт.

7 дубанга 1млн$ кетти, Көлгө 2млн$ бердим, өзүмдүн жеримен аз добуш алсам уят болоорун айтты.

Бишкек менен Ошко 1млн$ бердим дейт.

Ушинтип арам Жеенбековдордун акчасына Президент болбой эле койсоң болмок десем,сен эмнени билесиң деп менен качып баштады.Шайлоого аралашканыма абдан өкүндүм.

Урматтуу эл журт.Садыр Жапаров эч качан Жеенбековдорду жоопко тарта албайт,алардан чоң пара алган экен.

Андан тышкары Бакиевдердин койгон шарттарына баш ийип,алардан дагы каражат алды деп угуп жатам.Эки жактын макулдашуусу боюнча,Искендер Гайыпкуловду Президент аппаратына бекитти.

Дегиле бул окуялар эмне менен бүтөт, убакыт өзү көргөзөт.

Капа болгонум Садыр Жапаровдун кожоюндары көбөйүп кетти.

Мен болгон болгондой айтканым,Эл ар дайым чындыкты билиши керек.

Уландысы болот……

Мелис Аспеков СИЗО ГКНБ. 12.05.2021ж.»