Домой Коом / Общество Мелис Аспеков: «Сыймык Жапыкеев жакында камаласың! Сак бол…»

Мелис Аспеков: «Сыймык Жапыкеев жакында камаласың! Сак бол…»

Активист Мелис Аспеков УКМКнын тергөө абагынан кат жолдоп, ал жактан АКСтин башчысы Бекболсун Абсатаров тарабынан кыйноого кабылып жатканын жана Сыймык Жапыкеевге жалган көрсөтмө алууга аракет көрүп жатышканын жазган. Ал катты Арси Бек аттуу аккаунт Фейсбукка жарыялаган.

 

Анын катын өзгөртүүсүз беребиз:

«Акс ГКНБнын башчысын Бекболсун Абсатаровду татыксыз берилген генералдык чининен ажыратып, токтоосуз ээлеген кызматынан кетишин талап кылам.

Мени ГКНБнын Сизосунда мыйзамсыз,заказ менен камап, кыпындай күнөөм жок отурганыма 5-ай кетти.Жогору жактан тергөөчүгө басым болгондуктан,ал эптеп болбогон ишти токуп,3-ай кыйналып сотко 1-том кылып өткөрүп берди.3 айдын ичинде АКСтин башчысы, татыксыз генералдык чинге ээ болгон Бекбосун Абсатаровдун түзмө- түз буйругу менен, бөрк ал десе баш алган АКСтин кызматкерлери,мени кыйнап бүтүштү.

Талап кылгандары, тергөө менен кызматташып, Сыймык Жапыкеевке жалган жалаа жаап, чындыкка дал келбеген көргөзмө алуу.

Ошондо гана мени үй камагына бошотобуз деген,адамгерчиликке жатпаган ыкмаларын кылышууда.

Арам максаттарына жетиш үчүн мага психологиялык жана физикалык жактан залака келтиришти.

Жапыкеевке жалган көргөзмө бериш бат эле, бирок кийин Сыймыктын бетин мен кантип караймын, акыретте Кудайдын алдында кантип жооп берем?Бала кезден бери коррупция менен күрөшүп келип, мамлекетке бир тыйын зыян келтирбей,ал эми чоңоюп, күчкө толгон кезде, зөөкүрлөрдун басымына чыдабай сынып калсам,мен өзүмдү кечирбеймин жана мындан ары чынчыл адам катары жашашымдын кажети жок.

Дал ушундай татыксыз, жасалма оюнчук генералдар, биздин өлкөнүн чолок кадр саясатына кара булут каптатып жатат. Профессионал болбосо, ушинтип кара күчкө салып каракчылык кылат экен.

Тергөөдө акыйкаттык орун алып,менин ишим кыскарат деген өчпөс үмүтүм бар эле, андай болгон жок.

Мындан мурун Абдиль Сегизбаева айтып чыккан эле,бул Абсатаровдун журналист Геннадий Павлюктун Алматы шаарында,чекисттердин колунан каза тапканына түз байланышы бар деп.

Эркин Булекбаев аганын айтканы эсимде,2010жылдагы төңкөрүшко чейин,бул Бекбосун бизди аңдып, күн көрсөтчү эмес дегени.Ушул эргулдун кылыктарын билген Садыр Жапаров кайсыл кыйраткан иши үчүн генералдыкты берди?! Же 15кг бок курсагы үчүнбү?

Дегиле кадр саясаты кайда баратат?

Менден бөлөк каржы полициясынын ондой кызматкерлери камалып отурушат, теңи бошоп кетти.Аларга дагы Сыймык Жапыкеевге жалган көргөзмө берсеңер, бошотобуз деп ар бирине сунуш түшкөн.

Ким билет, балким арасында, Абсатаровдун кысымдарына чыдабай, калп жалаа бергендери болушу мүмкүн.

Айтаарым Сыймык сак бол,сен бул айласын таппай, келечеги бүдөмүк бийликтин, ыңгайсыз адамы экенсиң.

Жакынкы арада сени дагы,мага окшоп,калп кылмыш ишин токуп,камап салышы мүмкүн.

Уландысы болот.

Мелис Аспеков. СИЗО ГКНБ.»