Домой Коом / Общество Премьер министр Улукбек Марипов эки баланы жалгыз тарбиялап жаткан Сонунбү Сатарованын абалынан...

Премьер министр Улукбек Марипов эки баланы жалгыз тарбиялап жаткан Сонунбү Сатарованын абалынан кабар алды!

Сонунбүбү эженин балдарынын бири ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү.

 

Марипов, «Ар бир эне өзгөчө балдар мамлекеттин жана коомдун колдоосуна муктаж. Биз бири-бирибизге көтөрүмдүү болуп, муктаж болгондорго жардам берип, сабырдуу жана сый-урмат мамиледе болушубуз керек. Боорукердик жана мээримдүү мамилебиз биздин адамдык бийик сапатыбызды арттырып, күчтүү кылат. Балдарыңыз оорубасын, алар акылдуу болуп өсүп жана сизди ийгиликтери менен кубандырсын» деген жылуу сөздөрүн айтты.

Сонунбүбү эже өз көйгөйлөрү тууралуу сөз кылып, анын 8 жаштагы кызы бюрократиялык тоскоолдуктардан улам али мектепке бара электигин билдирди.

Премьер министр Улукбек Марипов, Сонунбү Сатарованын кызы үчүн мектепте окуу маселеси чечилгенин жана 1-сентябрдан тарта ал мектепке бара ала тургандыгын айтып, «материалдык жана социалдык абалына карабастан, Кыргыз Республикасынын бардык жарандары билим алууга бирдей мүмкүнчүлүгү бар»-деди.

Өкмөт башчы ыйык Рамазан айында Сонунбу Сатарованын үй-бүлөсү менен биргеликте ооз ачар кылып, үй бүлөгө ден-соолук жана күч-кубат каалады.

Oper.kg