Домой Коом / Общество Коомчулук Садыр Жапаровдун вакцинаны биринчи алуусун күтүүдө!

Коомчулук Садыр Жапаровдун вакцинаны биринчи алуусун күтүүдө!

 

Кечээ, 15-апрелде өлкө башчы Садыр Жапаров Чүйдүн бир катар медициналык мекемелерин кыдырып, дарыгерлер жана коронавирус менен ооруп жаткан бейтаптар менен жолугуп, кызыл зонага чейин кирди. Жолугушууда сөз сүйлөп жатып, ал элге кайрылып, баарын вакцина алууга чакырып өттү. Бирок Ажонун бул сөзү социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, биринчи өзү алып, үлгү көрсөтүүсүн сурангандар көп болууда. Жана да Кытайдын вакцинасына «ишенбейбиз» дегендер чыгууда.

 

Буга чейин президенттин аппараты азырынча Садыр Жапаров вакцина албай турганын айтып, аны антителасы жетиштүү экени менен түшүндүргөн. Качан гана антителасы жок болуп же азайып кеткенде сөзсүз вакцина аларын кошумчалашкан. Ажо өзү вакцинадан баш тартып жатса, жөнөкөй жарандардын кооптонуусу жөндүү эле го ыя?