Домой Коом / Общество Президент менен премьер вакцинадан баш тартып, элди чочутту!

Президент менен премьер вакцинадан баш тартып, элди чочутту!

Президент Садыр Жапаров менен Улукбек Мариповдун вакцина алуудан баш тартышы ансыз үрөйү учуп турган элдин күмөн саноосун ого бетер күчөттү! Элден биринчи эмделип эрктүүлүк көрсөтүшкөндө, калк арасында суроолор азайып, вакцина алуучулардын катары көбөймөк. Мисалы бөлөк өлкө башчылары түз эфирден журт алдында алышып, көч башына туруп беришүүдө…

Таажы ылаңын жуктуруп, ооруп калгандар күн санап өсүп, каза тапкандар болууда. Эксперттер үчүнчү толкун жай айларына жакын болорун боолголоп жатышат. Андыктан ылаңдан арылуунун бир гана жолу бар, ал — жалпы эмдөөдөн өтүү. Коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тездетишпесе, бул оорудан кутулбай эле, тескерисинче тутулганыбыз — тутулган.