Домой Коом / Общество Айнура Сегизбаева: «Абдил эч качан сынбайт!»

Айнура Сегизбаева: «Абдил эч качан сынбайт!»

Айнура Сегизбаева:
«Абдил эч качан сынбайт!»

1.Абдил Сегизбаевдин учурда абалы кандай?

Абдил эч качан кыйналса да сыр билгизбейт. Абдилди акыркы жолу Бишкек сотунда баш коргоо чарасын сот карап жатканда көрдүм. Бизге ар дайым күч, дем бергенге аракет кылат. Бул жолу да, бардыгы жакшы болот, ишенимден тайбагыла, чындык эртеби-кечпи орнойт деп ишендирди. Балдарды көрүп алсын деп ала баргам, чекесинен өөп, жыттап, кучактап алды. Мен ишенем Абдил эч качан сынбайт. Кудай берген сыноодон күчтөнүп чыгат. Татыктуу өтөт деп ишенем жана Кудайдан тилеймин.

2.Адвокаттар тоскоолдуксуз эле байланышып, кирип жатышабы?

Адвокаттар аркылуу байланышып турабыз. Бизди колдогон, дух берген каттарды алып турам. Өзүн жоктотпой, балдарга да ар бирине кат жазат. Аны окуган балдар атасы менен көрүшкөндөй болуп чыйыр алышат . Түрмөдө окуган китептерин жөнөтүп, балдарга сунуштайт. Кээ бир учурларда татаал маселе чыкса Абдилди элестетип, жанымда болсо кандай кеңеш берет эле деп ойлосом, кандайдыр бир жол менен жооп табылып калат. Көрүшпөсөк да биздин ортобузда ой аркылуу байланышыбыз бар.

3.Тергөө иштери кандай жүрүп жатат? Басым болгон жокпу?

Тергөө бийликтин буйругу менен жүрүп жатканы анык. Шайлоодо Абдилдин 8 суроосуна токулган кылмыш иштерди козгошту. Мисалы, Белиз боюнча Шыкмаматов деген депутаттын аброюна шек келтирди деген күнөөнү коюп, Абдилди 7жылдан 10 жылга чейин соттойлу деген аракетти тергөө кылып жатат. Коюлган айыптарды көрүп, же күлөөрүндү же ыйлаарынды билбейсин. «Чимкирик» деп эл арасында атка калган депутаттардын аброюн Абдил кылды деген дооматы койгон тергөөгө кантип ишенесин. Абдил Мегаком жөнүндө айтканы чындык. 2010 жылы мародерлор деп шектелген айрымдар бир гана Бакиевдин мүлкү эмес, Мегаком сотовый компанияны 49 пайызын улутташтырып, калган 51 пайызын жең алдынан акырын сатканга аракет кылышкан. Азыр аны садыр жапаров да 7 каналга берген интервьюсунда айтып жүрөт . Өзү тастыктап берем деп коюп, эми бийлик өзүнүн буйругу менен Абдилди камап койду. Абдил түрмөдө чындыкты айткан үчүн отурат.

4.Сиздин оюңузча тергөө иштеринин мындан аркысы кандай нукта өнүгөт? Акыйкаттык болооруна ишенесизби? Же бул бийликтин тушунда Абдил мырза саясий туткун болуп калабы?

Тергөө акыйкат жүрөт деген умут жок. Бардык юристтерге кайрылсак, коюлган күнөө , айыптардын эч негизи жок дешет. Аны билип туруп иш козгошту жана кылмышкер деп камап коюшту. Эки жарым айда Белиз боюнча бир да сурак болбоптур. Абдилди болсо жөн эле камакта кармап турушат. Себеби — дагы бир чындыкты айтат, күчтүү саясий оппонент болот деп.

5.Алманбет Шыкмаматов Белиз боюнча арыз жазбаганын айтып жатат го. Негизи Шыкмаматовдун арызды жаңылап жазып бергени чын да ээ?

Эгер Шыкмаматов жазбаса анда кимдин арызы менен Абдилди кармап отурушат? Эгер жазбаса — ачык сотко, тергөөгө кайрылсын. Мен жазган эмесмин деп, тиешем жок деп. Ошондо гана ишенем ал кишинин сөзүнө. Себеби башкы прокуратура Шыкмаматовдун доо катынын негизинде Абдилди камадык деп жатпайбы. Жооптон суроолор коп. Менин түшүнүгүм боюнча бул бийлик Абдилди камап, тынчытабыз, саясий талаадан жок кылабыз деген аракетин жасап атат. Абдилдин сөзү бар : «Адамды бийлик камап кое алат, бирок адамдагы духун, жүрөгүндө эркиндигин өлтүрө   албайт!» . Абдил каттарында жазган — Тергөөдөн , соттон акыйкаттыкты күтпөйм деп, булардын кожоюндары бар, биздин Кудайыбыз, элибиз бар деп. Буюрса акыйкаттыкты Кудай орнотот деп мен да Абдилдин сөзүнө кошулам.

Алина Сабатбекова