Домой Саясат / Политика Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Насыр Мусаев каза болду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Насыр Мусаев каза болду

Жогорку Кеңеште “Кыргызстан” фракциясынын мурдагы депутаты Насыр Мусаев узак оорудан кийин кайтыш болду. Маркум 62 жашта болчу.

Насыр Мусаев 1958-жылы Токмок шаарында туулган. Жеке ишкерлик менен алектенип, туристтик ишканаларды түптөгөн. Чүй облустук кеңешинин, Токмок шаардык кеңешинин депутаты болгон. 2013-жылы “Кыргызстан дунгандары ассоциациясын” вице-президент болуп турган. 2018-жылы Жогорку Кеңешке маркум депутат Жыргалбек Калмаматовдун ордуна депутат болуп келип, ден-соолугуна байланыштуу жыйындарга активдүү катыша албай элдин сынына кабылган. 2019-жылы күзүндө ордун Бектен Сыдыгалиевге бошотуп берген.

Маркумдун артында беш баласы калды.

Oper.kg