Домой Коом / Общество Беткап кийгиле, коронавирустун экинчи толкуну жакындап баштады

Беткап кийгиле, коронавирустун экинчи толкуну жакындап баштады

Учурда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны өсүп жатканы байкалууда. Дүйнө жүзү пандемиянын экинчи толкуну жакындап келе жатканын билдирип тынчсызданышууда. Ал эми биздин өлкөдө жарандар санитардык нормаларды сактабай, беткапсыз жүрүп калышты. Аш-тойлорго тыюу салбаса ахыбал оорлоп, эртең оору күч алса өкмөт баш-аягын таппай калышы ыктымал. Ошол себептүү, коронавируска каршы иш-аракеттерди күчөтүү зарыл болууда. Учурда коңшу Казакстанда ахыбал жакшы эмес. Жоготуулар көп болуп, өспүрүм курактагы балдардын пневмониясы күч алып жатканын кабарлашууда. Андыктан сак бололу.

Oper.kg