Домой Маек / Интервью Жоомарт Дүйшембиев: «Бийликтин мыйзамсыз иштери үчүн жооп берчү күн келет»

Жоомарт Дүйшембиев: «Бийликтин мыйзамсыз иштери үчүн жооп берчү күн келет»

386

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо коррупция беренеси менен 8 атка минер камакка алынган. Аталган иш боюнча тергөө иши уланууда. Бирок, Сапар Исаковдун тарапташтары бир жылдын ичинде айыпталуучулардын күнөөлөрү далилденбегендиктен, аларды боштондукка чыгаруу талабын коюп жатышат. 16-июлда Сапар Исаковдун айылдаштары Кочкор районунда Сапарды колдоо штабын ачса, Сокулук районунун жарандык активисттери чынжырдын укуругун улап кетишти.

Жоомарт Дүйшембиев: Сапар Исаковду колдоо штабынын жетекчиси:

— Жоомарт мырза Сапар Исаковду колдоо штабынын ачылышы боюнча маалымат берип өтсөңүз?

-Туура үч күн мурун, тактап айтканда, 16- июлда Кочкор районунунда экс-премьер-министр Сапар Исаковду колдоо штабы ачылды. Бычакка сап боло турчу жаштардын демилгеси менен бул демилге ишке ашып отурат. Мына, үч күндүн ичинде штабка 2000ге жакын киши атайын каттоодон өтүп, Сапар Исаковду абактан бошотууну талабы коюлган кайрылууга кол коюп кетип жатышат. Ошондой эле, башка аймактардан да тилектештиктерин билдирип келишүүдө. Эми штабды башка аймактарда да ачууга белсенип жатабыз.

Өзүңүздөр жакшы билгендей, Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү жемкорлукка тиешеси  бар деген айып менен бир жыл мурун камакка алынган. Аталган кылмыш иши боюнча соттук процесс ушул күнгө чейин уланып келет. Бир жылдан бери соттук процесске келип, кетип айлабыз алты кетти. Биз аталган ишти калыс карап, соттор адилеттүү чечим чыгарып берүүсүн талап кылабыз. Себеби, ЖЭБ чуусу боюнча айыпталып жаткандардын күнөөлөрү али далилдене элек. Бирок, жыл жылдан бери абакта. Тергөө иши бир жылдын ичинде жыйынтыкталбаса, камакка алынган айыпталуучуларды эркиндикке чыгарбай, ишти андан ары да создуктура берүүгө болбойт. Бул мыйзамсыз.

-Буга чейин Сапар Исаковдун тарапташтары бул Сапарга болгон саясий куугунтук экенин айтышып, соттордун адилеттүү чечим чыгараарына ишенбей тургандыгын билдиришкен. Эгер соттор эл менен эсептешпей чечим чыгара турган болсо, сиздердин кийинки кадамдарыныздар кандай болот?

-Туура, булар ишти ичегидей чубап, колдоп келген тарапташтардын айлаларын алты кетирип жатышат. Соттук процесске шаар тургундары же айыпталуучулардын тууган-туушкандары эле эмес, алыстан ат арытып, жол карытып айылдаштары келип, сот отурумуна катыша албай коридордон кетишет. Бир жылдан бери соттук отурумдун бир жумадан экинчи жумага жылдырып келишет.  Анткени, чындык биз тарапта.

Штабка келип калыс кебин айткан аксакалдар менен кеңешип, алгач беш миңге жакын кол топтоп, президент Жээнбековго кайрылуу жасоону туура көрдүк. Эгер бүгүнкү бийлик Атамбаевдин кадрларына болгон саясий куугунтукту токтотпосо, анда эл көтөрүлүшү мүмкүн.  Ансыз да эл өлкөдө болуп жаткан мыйзамсыздыкка каршы чыгууда. 

Булак: «Ачык саясат плюс»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here