Домой Коом / Общество «Эми социалдык тармактарга да кирбей калабыз»

«Эми социалдык тармактарга да кирбей калабыз»

253

Жогорку кеңештин депутаты Дастан Бекешов социалдык тармактарда туура эмес маалымат тараткандарга 20 миң сомдон жогору айып пул салууну сунуштады. 

 Мыйзам ишке ашып  күчүнө кирсе социалдык тармакта жарыяланган билдирүү кайсы бир адамдын кадыр-баркына шек келтирген учурда моралдык компенсация төлөгөө мажбур болот.

Кенемтенин эң төмөнкү чеги 20 миң сом деп белгиленген.  Бул арыз берген жаран кенемтенин суммасын өзү аныктабаган учурда колдонулат.

Сот эгер социалдык тармакка жарыяланган пикир бирөөнүн ар-намысына жана аброюуна шек келтирет деп тапса, ал бирдирүүнү көчүрүп баскан маалымат каражаты да дароо өчүрүүгө милдеттүү болот.

“Депутаттарыбыз элди кыйнабаган ушул эле нерсе калды эле. Эми социалдык тармактарга да кирбей калабыз го”,-деген ойлорун эл жазууда. Чындыгында акыркы учурда элге карата кыйноолор көбөйө баштады.

oper.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here