Домой Маек / Интервью Жашап жаткан үйүбүздүн бир бөлмөсүн бошотуп, Сапар Исаковду коргоо штабын ачтык

Жашап жаткан үйүбүздүн бир бөлмөсүн бошотуп, Сапар Исаковду коргоо штабын ачтык

42

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо коррупция беренеси менен 8 атка минер камакка алынган. Аталган иш боюнча тергөө иши уланууда. Бирок, Сапар Исаковдун тарапташтары бир жылдын ичинде айыпталуучулардын күнөөлөрү далилденбегендиктен, аларды боштондукка чыгаруу талабын коюп жатышат. 16-июлда Сапар Исаковдун айылдаштары Кочкор районунда Сапарды колдоо штабын ачса, Сокулук районунун жарандык активисттери чынжырдын укуругун улап кетишти.

Асылгүл Едилова, “Нур-Жылдыз” айылдык аялдар коомунун төрайымы:

-Асылгүл айым алгач өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз?

-Өзүм  15 жылдан бери “Нур-Жылдыз” айылдык айымдар коомун жетектеп келем. Жогорку Кеңештин Коомдук башталгыч бөлүмүндө жардамчы болуп иштедим. Сокулук районунун Гавриловский айылдык кеңешинин экс-депутатымын. Ошондой эле, жыйырма жылга жакын бухгалтер болуп эмгектендим. Дегеним, мен Кыргызстандагы саясий системанын тамырын жакшы түшүнгөн адис катары өлкөдө болуп жаткан мыйзамсыздыкты көрүп туруп үн катпай жата алган жокмун.

Мына мен Сапар Исаковдун сотуна октябрь айынан бери катышып келем. Бир жылдан бери тергөө иши жыйынтыкталбай келет. Камакка алынган айыпталуучулардын али күнөөлөрү далилдене элек. Бирок, бир жылдан бери камакта отурушат. Соттук отурум формалдуу түрдө ачык өтүп жатат. Сот залы тар болгондуктан келген тарапташтардын баары коридордо туруп кетишет. Ичиндеги видеожазуулар иштебейт. Борбордогу райондук соттордун бөлмөлөрү тар, ашып кетсе жыйырма киши араң батат, ичиндеги видеожазуулар иштебейт. Анан кайдагы санариптештирүү?! Экинчиден, мисалы, ошол учурда президенттин иниси Асылбек Жээнбеков спикер болуп турган. Эмне үчүн булар Асылбек Жээнбековду суракка чакырбай, элдин көзүн будамайлап, аны “эркелетип” жатышат? Коррупциялык иштер Сапар Исаковдун убагында эмес, президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда башталган. Эмне үчүн ошол маалда Сооронбай Жээнбеков үн каткан эмес? Керек болсо, кылмышты жашыруу да кылмыш болуп эсептелет. Бул компанияны иликтеп, жиликтеп чыгуу үчүн атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү эмнеге суракка чакырышпайт? Компаниядан түшкөн акчанын ар бир тыйыны кайда бөлүнгөнүн бухгалтерлер гана билет. Алар кайда? Анан кайдагы калыстык?!

-Сокулук районуна Сапар Исаковду коргоо штабын ачтым деп калдыңыз, элдин Сапар Исаковго көз карашы кандай?

-16-июлда Кочкор районунда Сапар Исаковду коргоо штабы ачылат экен деген маалыматты угуп алып абдан кубандым. Булардын колуна кол, бутуна бут болуп, Чүйгө да штаб ачуу керек деген ой келди. Дароо тааныштарга байланышып, алар менен чогулуп, тегерек үстөл үстүндө талкуу кылдык. Штаб ачуу үчүн атайын кеңсе керек деп отура берсек ишибиз алдыга жыла турчу түрү жок. Адилетсиздик бийлеп турган заманда кеңсе, каражат деп отурганыбыз уят деп ойлондум. Жолдошум, кыздарым менен сүйлөшүп, жашап жаткан үйдүн бир бөлмөсүн бошотуп, келген кишилерди каттоого ала баштадык. Эл деген элек, чыныгы коррупционерлерди эл жакшы билет. Дегеним, келген кишилер бул демилгени колдоп, бизге ыраазылыктарын айтып жатышат. Сапарды колдогондордун саны күн санап өсүүдө. Штабка келген элдин саны арбын. Ошондой эле, жакын арада социалдык тармактарда “Сапар Исаковго боштондук!” деген аталыштагы петиция жүргүзүлө баштайт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here