Домой Маек / Интервью Жакшы адамдар менен баарлашып, жан дүйнөм жыргады. КСДПга киргизген Асылбек Жээнбековго ырахмат…

Жакшы адамдар менен баарлашып, жан дүйнөм жыргады. КСДПга киргизген Асылбек Жээнбековго ырахмат…

346

Алтынбек Жээнбаев:


КСДП  партиясынын 18-съездине  Ош областынан делегат болуп чакырылган Алтынбек Жээнбаевдин үйүнө милиция кызматкерлери барып, суракка алып, кысым көрсөтүшкөн. Анда окуяны Алтынбек Жээнбаевдин өз оозунан угалы.

-КСДПга кантип мүчө болуп калгансыз?

Мен 2008-жылдан бери “Ачык саясат” гезитинин Оштогу өкүлү катары кызматташып келем. Көбүнчө укук маселелерге басым жасайбыз. Алгач, оппозициялык маанайда Бакиев бийлигине каршы чыгып жаткан “Ачык саясат” гезитинин редактору Бабырбек Жээнбеков менен таанышып, чогуу иштеп калдым. Мыкты киши эле. Бакиев бийлиги кулагандан кийин , Бабырбек Жээнбековдун шакирти Назгүл Мамытова  гезитке экинчи өмүр берип, “Ачык саясая плюс” — деп чыгара баштады. Ошол күндөн тарта Назгүл Мамытова менен иштешип келем.

2010-жылы парламенттик шайлоодо Асылбек Жээнбеков менен Курсан Асанов, “Папанга иштеп бер” — деп суранышты. Ал кезде абал кыйын эле. Бакиевдердин таасирине берилген адамдар көп болчу. Мындан улам Мелис Мырзакматовдун таасири абдан катуу болуп жаткан. Папанга андан  коркуп, бири да даап кире албай жатышкан. Мелис ал кезде “Ата-журт” партиясына чуркап жүргөн. Өзүм папандык  болгондуктан Асылбек менен Курсандын суранычын четке кага албай, ошол жерде КСДП партиясына иштеп бердим. Бизге 5%  эле алсак болот дешкен. Жыйынтыгында 40 %  добуш алдык. Мага аябай ыраазы болушуп, Асылбек Жээнбеков КСДПнын парт билетин өз колу менен тапшырган. Бирок, мен аны милдет кылып, кызмат же акча сурап барган да эмесмин, барбайм дагы. Өздөрү да мени унутушкан. Бир гана Зайырбек Жоошбаев деген адам ушул күнгө чейин ыраазы болуп, саламын  үзбөй, рахмат айтып келет.  Ошондон бери “Ачык саясат плюс” гезити менен кызматташып, өз ишимди кылып жатам.

-Кысым качан, кантип башталды?

Ушул жылдын 30-мартында Ош облусунда КСДП партиясынын конференциясына катышып, партиянын 18-съездине делегат болуп шайландым. Ошондон тарта куугунтук башталды. Милиция кызматкерлери Папанда жашаган туугандарымды коркутуп, “силер Алтынбек иниңерди колдоп, борборго барганы жатыпсыңар, барсаңар камап салабыз” — деп коркутушуптур. Ошентип туугандар арасында чагым жасашты. Мен мечитте жүргөндө милициялар үйгө келишип, мени келинчегимден сурашыптыр. Аңгыча мен да келип калдым. Баягы милициялар 4 машина болуп чогулушту.  Мени алдап да, коркутуп да көрүштү. Жыйынтык чыккан жок. Алардын негизги талабы да, суроосу да “КСДПнын конференциясына барбаңыз, ал жакта митинг болот” — деп  айтышты. Мен аларга  эч кандай митинг болбой тургандыгын, болгону съезд  өтөрүн түшүндүрдүм. Келинчегим милиция чакырып койгон экен. Мен укук коргоо кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазаарымды айтканда, алар менден кечирим сурап жалдырашты.  Өзүм  беш маал намаз окугандыктан аларды Кудай үчүн кечирдим. Алар деле бирөөнүн заказын аткарып жатышат да.

Анан борборго келдиңиз?

-6-апрелде КСДП саясий партиясынын 18-съездине катыштым. Абдан жакшы адамдар менен таанышып, бир дасторкондо даам сыздым. Экс-президент Алмазбек Атамбаевди  жакындан көрүп, анын адамдык бийик сапатына баа бердим. Ушундай мыкты партияга мүчө кылып, парт билет берген Асылбек Жээнбеков менен Курсан Асановго ыраазымын. Мен жаңылбаптырмын. Эң жакшы партияга кириптирмин. Жээнбековдордун ийгилигинин сыры ушул СДПКда экенине көзүм жетти. Алмаз Шаршенович Кудай сүйгөн пенде экен.  Эки жарым гектар жер аянтын берип, ал жерге  мечит салдырып, элге кызмат кылган бул чоң сооп иш. Муну кыйын болуп сүйлөп жаткандардын баары эле жасай алышпайт. Чынын айтсам, жан дүйнөм байып, нурга толуп Ошко кетип баратам.

-Ош областынын пресс-кызматы сизге башка суроо менен келгенин айтып актанышыптыр.  Эки адамдын сүрөтүн көрсөтүп, экөө сиз менен борборго бараар-барбасын сурашыптыр го?

-Эч кандай андай болгон эмес. Алар жалдыраганынан кечирсем, менин үстүмдөн жалган маалымат беришиптир. Кудай карап турат, Кудай жазалайт.  Мага “КСДПнын съезддине барбаңыз, “Ачык саясат плюс” гезитинин редактору Назгүл Мамытова менен байланышпаңыз” эле дешкен. Андан башка эч нерсе айтышкан эмес. Эки кишинин сүрөтүн көрсөтүшкөн эмес. Алардын  мындай жалган маалымат таратканыны нааразы болуп, ИИМ министри Кашкар Жунушалиевге кирүүгө аракет кылдым. Кашкар Астаханович иштеринен бошой албагандыктан, анын орун басары Сүйүн Өмүрзаковго кирдим. Сүйүн мырза мени жакшы тааныйт эле. Өзү да Кудай деген жакшы адам. Ошто көп жыл иштеген. Ал кишиге болгонун болгондой айтып бердим. Ош  милициясы боюнча иликтөө жүргүзүп,  тиешелүү чара көрүлөөрүн  айтты.

«Ачык саясат плюс»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here