Домой Укук / Право ТАЗА ИШТЕГЕН ТАРМАК КАЛБАСА КЕРЕК ГО?

ТАЗА ИШТЕГЕН ТАРМАК КАЛБАСА КЕРЕК ГО?

12

Бишкекте “Элит Хаус” деген компания куруп жаткан тогуз кабаттуу 2 үй курулуш эрежелери сакталбай курулуп жатат, аны түрттүрүш керек” — деп экотехинспекция жан далбас уруп жатса, “Бишкек архитектура” мекемеси “эреже сактабай кура бергени бизге пайда” деген чындыкты далилдеп, коррупцияга малынып иштээрин көрсөттү. Бул мекеменин 46 жаштагы бөлүм башчысы 1500 доллар пара алган жеринен колго түшүрүлдү. Көрсө ал эргул “Арча Бешик” конушунда жер участогу жана ал жерге тургузулган курулуштар уруксат берчү документтери жок курулганын билип калат экен да, “түрттүрүп салам” — деп такай коркутканга өтөт. Айласы кеткен айылдык 10.000 доллар пара берүүгө кол алышат. Бул сумманын 2.000 долларын архитектор өткөн жылдын күз мезгилиндеги бышыкчылыкта алган экен. Эми минтип жазгы үзүкчүлүктө 1500 долларды алып жатканда, колкосуна сөөк тыгылып отурат. Бир икая айтылып жүрөт. Айыл четинде эки мас Манас Ниязов менен Нурбек Юсуповго окшоп, бири-бирин былчылдатып калышат. Аны көрүп калган айыл имамы милийсага чуркап барып, “тетиги экөөн ажыратып койчу, балам” десе, кызыл шапке “ажыратып эмне кылабыз, өлгөнү сизге клиент, тирүүсү мага клиент” дейт имиш. Анын сыңары, экотехинспекция курулуштагы тартип бузууларды таап тирилик кылат. Курулуш-архитектура мекемеси болсо курулушка уруксат берүү-бербөө менен оокат кылат. Кыргызстандагы система ушундай калыптанып келатат – бала төрөлсө да пара берип төрөлөт, адам өлсө да пара берип көмүлөт.

Булак: «Ачык саясат плюс»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here