Домой Коом / Общество Тариел Жоробеков Талас эли менен жолугушту

Тариел Жоробеков Талас эли менен жолугушту

163

Бүгүн, Жогорку Кеңештин «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Тариел Жоробеков Талас облусуна шайлоочулар менен жолугушуу үчүн барды. Талас районунун Бердике айыл аймагында эл өкүлүнүн демилгеси менен 1.4 чакырым жолго асфальт төшөлүүдө. Аталган жол Беш-Таш эс алуу жайына барат, буга чейин аталган жол оңдолбой келген. Жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөттүн балансындагы жерлерди да асфальттоо керектигин айтышты. «Президент Сооронбай Жээнбеков «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылынын алкагында ар бир райондо жылына 3 чакырым жол оңдолушу керек деп айткан. Аким менен кеңешип, ушул багытта иш алып барсаңар болот», -деди эл өкүлү. Эске салсак, Тариел Жоробеков депутат болуп келгенден бери Талас облусунун аймагындагы көйгөйлөрдүн бир тобунун чечилишине түздөн-түз салым кошкон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here