Домой Саясат / Политика Төрөбай Зулпукаров эмнеден чочулап жатат?

Төрөбай Зулпукаров эмнеден чочулап жатат?

405

СДПКчы депутат Төрөбай Зулпукаров Атамбаевдин бийлиги тушунда түштүктө кадр маселесин чечкен бирден бир таасирдүү адам эле. Кийин Сооронбай Жээнбеков президент болушу менен “серый кардиналга” айланган эле. Бирок негедир бул жигит көптөп бери тынчып, ооздукту тартып турат. Өткөнддө Матраимовдордун да чайына барган жок. Асылбектин айланасынан да аз көрүнүп калды. Сыягы бул жигит Жээнбековдордун бийлиги туура эмес жолго түшүп алганына өкүнүп, бир чети чочулап жаткан чыгаар. Айтор акыркы күндөрү өзү менен өзү алек болуп жүрөт. Тар чөйрөдө айтканы да бар экен, “Атамбаевди камап бекер кылышат, элдин тынчтыгын бузуп албаш керек” — деп. Кантсе да Кудай жолунда жүрөт эмеспи, ыйманына балта чапкысы келбей жаткан чыгаар…

Булак: «Ачык саясат плюс»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here