Домой Маек / Интервью “Сотторго, укук коргоо органдарына 80 пайыз эл ишенбейт”

“Сотторго, укук коргоо органдарына 80 пайыз эл ишенбейт”

97

РавшанЖээнбеков, саясатчы:

-Равшан мырза, Нурбек Токтакунов чындыкты айткан үчүн ушундай жагымсыз жагдайга кептелип жатабы?

-Ооба. НурбекТоктакунов көрүнүктүү граждандык лидер.  Ал Кыргызстандагы сөз эркиндигине, саясий эркиндикке,  атуулдук коомдордун өнүгүшүнө, демократияга кошкон салымы  абдан чоң. Анын жеке маселесине чейин кирип, атайын кызматтардын кызматын пайдаланып, жаман атты кылуу туура эмес. Көз карашын, өзүнүн позициясын эч нерседен коркпой ачык айтып жатканы үчүн ушундай абалга дуушар болуп жатат.

Жогорку сот парламентке жыл сайын отчёт берүү Конституцияга каршы келээрин жарыя кылды. Дүйнөлүк практикада соттор парламентке отчёт береби?

-Эгерде биз демократиялык мамлекеттердин тажрыйбасын карай турган болсок, анда сот бийлиги эч качан парламентке барып, отчёт бербеши керек. Анткени, бийлик бутактарынын укугу бирдей жана бийлик бутактары ич ара бири-бирин контролдойт.Дүйнөлүк практикада дагы Жогорку сот эч убакта парламентке барып отчёт бербейт. Алардын отчётун угуу парламенттин түздөн түз функциясына кирбейт. Дүйнөлүк практикада Жогорку сотту же сот мүчөлөрүнүн парламент бекитет же кызматтан алат.

-ТЭЦ боюнча чыныгы коррупционерлер камалабы же ал тармактагы коррупция менен күрөш тандалып жүрүп жатабы?

-Кыргызстанда жакында эле чоң социалдык изилдөө болду. Авторитеттүү эле уюм Кыргызстандагы маанилүү социалдык, экономикалык маселелер боюнча сурамжылоо жүргүзүп, жыйынтыгын чыгарышты. Ошол изилдөөлөргө таянсак бүгүнкү күндө сотторго, укук коргоо органдарына 80 пайыз эл ишенбейт экен. Анткени, бул тармактар өздөрү коррупциялашкан деп эсептешет экен. Негизи кандай гана маселе болбосун күнөөлүүлөрдүн баарын чыныгы күнөөлүүлөр же акталып жаткан адамдардын баарын чыныгы акталып жаткан адамдар деп айтыш кыйын.

Oper.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here