Домой Саясат / Политика “Серый кардиналдардын” согушу…

“Серый кардиналдардын” согушу…

593

Манипуляция

Өлкөдө саясий кырдаал абдан курчуду. Ак үй менен Көк үйдөгү  “Серый кардиналдардын” тиреши күч алып, азыр ал жакта президент Жээнбековдун абалы мышык ыйлагыдай болуп турат.Бир жумадан бери президенттин айланасындагы таасирдүү “серый кардинал” атыккан  “Ачык өкмөт” улуттук форумунун мурдагы катчысы Иманкадыр Рысалиевдин  кулагы көрүнгөн «КТ Мобайл» ишканасынын айланасында ызы-чуу жаралып, Өкмөт башчы Абылгазиевди Рысалиевге бажа экендигин таңуулашып,  аны каралоо компаниясы күч алды. Албетте мунун артында чоң саясат жатат. Мындан улам,  Абылгазиевди тууганчыл жана шалаакы өкмөт башчы катарында көрсөтүп, иштен алуу, ордуна көптөн бери өздөрү болжогон адамды дайындоо саясаты жүрүүдө.  Айрыкча бийликчил  журналисттер,  бийликчил гезит-телелер  Абылгазиевге карата кара пиар менен катуу чабуул жасап, аны өкмөт башчылыктан кетсин деген талаптарды коюп  жатышканы көп нерседен кабар берүүдө. Демек, Абылгазиевди  алып түшүү, оюндан чыгаруу планы президенттин аппараты тарапка тиешелүү десек да болчудай…

Президент Жээнбеков  Иманкадыр Рысалиевди  өзү колдоп турбаса, ал мынчалык чектен чыккан иштерге бара алмак эмес. Рысалиев бажасы Абылгазиевге караганда Жээнбеков менен көп жылдан бери өтө жакын катыштыгы болуп, керек болсо  Жээнбеков уулуна   дал ушул Иманкадырдын урматына   Иман деген ысым бериптир.

Бул жерде Иманкадырды шылтоо кылышып, Абылгазиевге карата  чабуул жасалып жатканы ачык эле байкалып турат. Анткени, Абылгазиев анча-мынча маселеде чечкиндүү кадамдарга барбай, Ак үйдөгү “серый кардиналдарды”  укпай кашаңданып коюп жатканын айтып жүрүшөт. Ал ортодо Рысалиевдин “КТ Мобайл”  чыры жанданып, (бул маалыматты эң алгач бийликчил журналисттер коомчулукка жарыялашты) анын бажасы Абылгазиевди шыпырып түшүүгө  кырдаал ыңгайлашып түзүлүп калбадыбы. Ал эми Сооронбай Жээнбеков болсо“серый кардиналдардын”  курчоосунан чыгалбай, өз позициясын билдире албай калды.  Ал кечээ жакында эле Жогорку Кеңеште  сөз сүйлөп, Өкмөттүн отчетун колдоп берүүсүн айткан эле. Бирок, бүгүн минтип Абылгазиевге карата жүрүп жаткан чабуулга каршы  өз оюн билдире албай  отурганы көп нерседен кабар берет…

Эмне үчүн “КТ Мобайл” ишканасынын чырынан кийин Раим Матраимов дароо эле Жогорку соттон утуп, кайра кызматка дайындоо боюнча чечими чыкты?  Эгер Муканбеткалый Абылгазиевдин “мен турганда Раим Матраимов кызматына кайра алынбайт” деген сөзүн эске алганда, “КТ Мобайлдын” чыры менен Абылгазиевди өкмөт башчылыктан шыпырып түшүп, Раимди Бажы тармагына кайрадан алып келүү планы иштеп жаткан жокпу?  Ошону менен бирге, Жээнбековдордун кызматтагы куда-сөөк, күйөө бала деген сыяктуу кландык бийлиги негедир көп айтылбай, Абылгазиевдин тууган-уругу катуу айтыла баштады.

Тактап айтканда, Жээнбековдордун  кландык башкаруусуна карата  коомдук терс  сын-пикирлер бурмаланып, Абылгазиев тарапка багытталып  кетти.

Ал ортодо, Жогорку Кеңештеги дагы бир “серый кардиналдын” таасири менен “чөнтөк парламент” да жанданып,  кечээ эле өздөрү жанталашып шайлаган өкмөттү кулатуу планын иштеп чыгууга шымалана киришти.  Бул оюндун  түйүнү кийинки жумалардан чечилип калчудай. Кандай болгон күндө да Абылгазиев маалыматтык согуштан уттурду. Балким ал өзү чечкиндүү кадам жасап, “тойдум байдын кызына” — деп кызматынан баш тартып кетип  калгысы  бардыр. Колу-буту байланган адам, өкмөттүн ишин жүргүзө албайт эмеспи…

«Ачык саясат плюс»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here