Домой Коом / Общество Сапар Исаковду колдойбуз!

Сапар Исаковду колдойбуз!

1364

Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымакты туу тутуп, биримдикти бекемдеп, айыл элинин башын бириктирүү жакшы жышаан эмеспи. Мындан бир нече жыл мурун Кочкор районунун 1985-жылкы бычакка сап жигиттери биригип, «Келечек Ынтымагы» коомдук бирикмесин түзүшкөн. Өсүп келе жаткан муунга үлгү болуп, аларды ынтымакка чакыруу максатында кайрымдуулук иш-чараларды байма-бай өткөрүп келишет.

Үч жыл мурун 9-май майрамына карата Кочкор районунун шаарында футболдук турнир өтүп, иш-чарага экс-премьер-министр Сапар Исаков өзү катышып, жаштарды колдоорун айтып, аларга дем берген. Бул иш-чара жыл сайын 9-май күнү Кочкор районунун шаарында өткөрүлүп келет. Салтка айланган футболдук турнирдин аягында айыл аксакалдары «Сапар Исаков бул демилгеңерди колдоп, турнирдин ачылышына өзү катышып, силерге дем берип, бизден бата алып кетти эле. Бүгүнкү бийлик Сапарды саясий туткунга алды. Эл деген элек. Эл баарын көрүп, билип турат» деген пикирлерин айтып , айыл жаштары «Сапар Исаковду колдойбуз!», «Биз Сапар Исаков менен!» деген ураан менен жыйынтыкташты.

Oper.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here