Домой Укук / Право Санкт-Петербургда кыргыз жаранын атайылап өлтүргөн фактыга шектүү кармалды

Санкт-Петербургда кыргыз жаранын атайылап өлтүргөн фактыга шектүү кармалды

43

2019-жылдын 3-май күнү болжол менен саат экилер чамасында Россиянын ИИМдин Санкт-Петербург шаарынын Москва району боюнча башкармалыгынын 29 полициянын бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Санкт-Петербург шаарынын Яковлевск көчөсүндөгү №6 үйдө 25 жаштардагы азият түспөлүндөгү эркек адамдын жансыз денеси жаткандыгын кабарлашкан. Каза болгон адам Кыргыз 
Республикасынын Ысык-Көл облусунун тургуну, 1989-жылы туулган С.Б. аттуу жаран болуп чыккан.

Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө, тил келишпестиктин айынан чыккан чыр-чатактан белгисиз адам Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун тургуну, 1989-жылы туулган С.Б. аттуу жарандын бет тарабына көптөгөн соккулардан улам алган жаракатынан каза болгондугу аныкталган. 2019-жылдын 3-май күнү аталган факты боюнча Россиянын Тергөө комитетинин 
Санк-Петербург шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын Москва району боюнча тергөө бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 4-бөлүмүндө (Адам өлүмүнө алып келген атайылап ден соолукка зыян келтирүү ) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ошол эле күнү кылмыштын изин суутпай жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектелип Россия Федерациясынын тургуну, 1992-жылды туулган М.М. аттуу жаран кармалган. М.М. аттуу жаран Санкт-Петербург шаарындагы убактылуу кармоочу жайга камалды. Россиянын ИИМдин Башкы маалыматтык-аналитикалык  борборунун маалыматы боюнча М.М. аттуу жаран мурда кылмыш 
жоопкерчилигине тартылган.

Азыркы учурда, тиешелүү соттук-медициналык жана башка экспертизаларды жүргүзгөн соң гана С.Б. аттуунун туугандары тарабынан “Жүк-200” кичи мекенине жөнөтүү маселелери чечилип жатат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here