Домой Саясат / Политика Рыспаев канча сураарын таппай, алкымын араандай ачып, 300 миң сомдун ордуна 1...

Рыспаев канча сураарын таппай, алкымын араандай ачып, 300 миң сомдун ордуна 1 млн сом талап кылганы уят

569

Адилет Али Мыктыбек, коомдук активист:

Афганчынын абийири айрандай кечигип төгүлгөндө. Же Кожобек Рыспаевди ким көкүтүп «колтугуна суу бүркүп» жатат?

«Эр-жигитке» 300 миң сом аздык кылат го… Афганчынын «абийири боткодой төгүлүп», гезитке арызданышы талкууга алына баштады. Ар бир саясатчынын сынга кабылышы анык. Депутат деле саясатчы катары бедели аз болсо да, кой аксагы менен миң болуп, саясатчы атыгып жүргөндөр да бар. Саясатка аттанган соң, эркек болгон соң, аз бир сөзгө абийирим төгүлдү деп куру арданыштын өзү эркектикке жатпай калат го. «Карышкырдан корккон токойго барбайт» деген орус макалындай болуп, сын пикирге чыдабасаң саясатчымын дештин кажети канча? Кечээ күнү Октябрь сотунда кезектеги сот отуруму каралып, Кожобек Рыспаевдин жактоочулары «Ачык саясат плюс» гезитинен алар жактаган кишинин төгүлгөндөн калган абийирин коргоп, 300 миң сом ордуна, миллион сом талап кылышты. Эркек мырзага жарашабы мындай жоорук? Албетте жок! Теманы утурлап уласак, «ангүдүк» деген рубриканын аты. Тексттен жогору жана темадан бөлөк. Аны тексттин ичине чаптай бериштин кажети жок , бирок, кайсы бир деңгээлде депутаттын далдандаган, аркы-терки оогон жүрүшүнө таандык болгондуктан, бекеринен жайгаштырбаса керек. Хамелеон деген кеп боюнча, кандай жаныбар экендигин окмуштуудай чечмелөөнүн кажети жоктур. Бул салыштырмалуу сүрөттөмөнү саясатта туруктуулуктан тайган, принципсиз түрдө кубулма пикирдүү же пикирсиз саясатчыларга карата айтылат. Текстеги «Феликс Куловду, Атамбаевди сатты» дегени орус элинин Колобок көмөч жомогундагы «от бабушки ушёл и от дедушки ушёл» дегенине окшошуп жаткандыктан, ары шумпайлыгын айгинелесе, ары анын куу тумшуктугун чагылдыргандыктан , тырмакчанын ичиндеги «кыңшылаган» деген кеп берилген. Ал эми «өз кызыкчылыгын гана ойлогон» деген сөз кадимки эле сөз. Ар бир саясатчы, бизнесмен өз кызыкчылыгын ойлошу мүмкүн. А «сойкудан» жаман деген салыштырма дагы тырмакча ичинде жазылган. Бир эле «Ачык саясат плюс» гезити эмес, «толгон токой» ЖМКлар «саясий сойку», «сойку өңдөнүп» деген маанидеги кептерди колдонуп жүрүшөт. Чоң кишинин кичинекей макалага, образдуу айтканда эки сөзгө теригиши уят. Илгери бир манапты бир кедей согуп алса, аны балким атка сүйрөткөн же ага камчы урдурган, бирок кедейде жок алтын күмүштү талап кылган эмес. Ошентсе да азыр бай-манапчылык доор эмес. Мындай кишини макалада жылуу- жумшак иттен чыгарбай эле, саясаттан чыгарып салуу керек. Иттен чыгаруу бул сый көрсөтүп узатуу, а таланды кылуу эмес.Рыспаев канча сураарын таппай, алкымын араандай ачып, 300 миң сомдун ордуна 1 млн сом талап кылганы уят Афганчы интернационалмын деген эркек депутат кичинекей макала деп сотко берип жүргөнү менин түшүнүгүмдө уят эле жана эркек деген атка татыбагандык. Улам сайын соттук ишке кошумча тиркеме коштуруп жаткан Рыспаев канча сураарын таппай, алкымын араандай ачып, 300 миң сомдун ордуна 1 млн сом талап кылганы уят. Эгер уяты калса төгүлгөндүктөн. Миллион талап кылып ооруксунбай, уялгандан арызын алып салуусу керек

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here