Домой Саясат / Политика Раимды сүттөн ак десең эл ишенбейт, коррупционер дейин десең факты жок

Раимды сүттөн ак десең эл ишенбейт, коррупционер дейин десең факты жок

820

Руслан Казакбаев, ЖК депутаты, “Республика-Ата-Журт” фракциясы:

Раим Матраимов өкмөттү сотко берип, Жогорку сот Матраимов тарапка чечип берди. Бул боюнча сиздин пикириңиз?

-Раим Матраимов өкмөттү Жогорку соттон утуп чыгышы боюнча баа берүү өтө кыйын. Анткени, Жогорку сот Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раим Матраимовду “иштен мыйзамсыз алынган” деген чечим чыгарды. Эгер өкмөт мыйзам чегинде Раим Матраимовду кызматтан алган болсо, анда өкмөт бул иштин аягына чейин турушу керек эле. Демек, Жогорку соттун чечимине ишенбей коюууга негиз жок. Бул жерде мен Раим Матраимовду коргоп жаткан жокмун. Болгону Раим Матраимов Жогорку сотко чейин райондук, шаардык соттон да өкмөттү утканын эске алып айтып жатам.

Ошондой эле, Раим Матраимовго кылмыш иши ачылган эмес, ачылышы да күмөн. Анткени, далилдүү кагаз же эч кандай факты жок. Бирок, коомчулукта Раим Матраимов бажы тармагында иштеп турганда мыйзамсыз байыган деген күмөн бар. “Балык башынан сасыйт” демекчи, Раим Матраимов иштеп кеткен Бажы тармагында болуп жатпайбы. Ошол эле Салык кызматы, Транспорт министрлиги жана башка фискалдык органдарды текшерүүгө алуу керек болчу. Тилекке каршы, андай чечкиндүү кадамдарга али укук коргоо органдарынын күчү жетпей жатпайбы. Сөзүм куру болбосун, 4 ай мурун Каржы полициясы тапшырма берилген. Каржы полициясы укук коргоо органдарынын менен биргеликте Раим Матраимовдун мүлкүн текшерүүгө алып, ийне жибине чейин иликтеп, элге маалымат бере алышкан жок. Эми Раимды сүттөн ак десең эл ишенбейт, коррупционер дейин десең факты жок. Абал ушундай болуп жатпайбы…

«Ачык саясат плюс»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here