Домой Укук / Право Раджаб Абдурасулов: “Экс-судья Мамытов офистериңди бербейм, бизнесиңди тартып алам, түрмөгө отургузуп жок...

Раджаб Абдурасулов: “Экс-судья Мамытов офистериңди бербейм, бизнесиңди тартып алам, түрмөгө отургузуп жок кылам деп коркутуп…”

93

Тараза…

Экинчи бөлүк…

Президентибиз Сооронбай Жээнбеков: «Мамлекетибизде судьялардын арасында уюшкан кылмыштуу топ бар», — деп белгиледи. Өлкө башчыбыздын айткандарына экс-судьянын мисалы далил десек жарашат.

Гезит бир нече сандан бери экс-судья Мамытов Эмил жана анын үй-бүлөсү жубайы Чолпон Шаршенова, баласы Эмилбек уулу Мырзабектин ишкер Раджаб Абдурасуловду, анын ишкерликтеги өнөктөштөрү Россиянын, Казакстандын жарандарын “алдап сызга отургузуп” кеткени туурасында макалаларды жарыялады. Анда экс-судья Мамытов ишкер Абдурасуловдун жана анын өнөктөштөрү менен бирегеликте ачкан темир жол менен жүк ташуу, ал жүктү сактоо жана логистика менен алектенген компаниясына ишке кирип, кийин кайра аларды “алдап” компанияларына, “мүлктөрүнө” ээлик кылып алганы, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына 6 200 000 сом зыян ири өлчөмдө зыян келтиргени жазылды. Бул боюнча укук коргоо органдары коррупцияга каршы күрөштүн алкагында чара көрүшө элек. Эмесе мына ушул чырлуу иш туурасында экс-судья менен мыйзамдуу талаада күрөшүп жаткан ишкер Раджаб Абдурасуловду кепке тарттык. 

— Раджаб мырза, сиздин адамдык касиетти бийик туткан адвокатыңыз ким?

— Менин адвокатым адамдык касиетти бийик туткан, калыс, мыйзамды сыйлаган адам. Өз ишинин чыныгы профессионалы. Ошол үчүн  экс-судья Мамытов, судья Курманов Ашыр ага “кокустан” жолуккан болуп кездешип опуза кылып жатышат да. Максаттары кандай болгонун жогоруда айттым. Алар менин адвокатымды “недооценили”, алар менин адвокатыма өздөрүнө окшош баа беришкен!

Мен андан көрө экс-судья Мамытов Эмилдин адвокаты Котик Наталья Михайловнага токтолуп кетейин. Бул адвокатка 2004-жылы бирөөнүн мүлкүн алдамчылык жол менен ээлеп алуу боюнча 166-статьянын 3-пункту, 2-3-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иши 2014-жылга чейин созулган. Натыйжада мөөнөтү өтүп кетти деген шылтоо менен иш жабылган. Адвокат Н.М. Котик азыркы учурда дал ошо ыкманы колдонуп, Мамытов боюнча тергелип жаткан ишти создуктуруп, мөөнөтүн өткөрүп кыскартууну көздөп жатат. Ошол себептен тергөө эки жылга созулуп кетти. 

Мына азыркы тапта Мамытовдун “аферасына” кимдер аралашып жатат. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков бир нече жолу «Мамлекетибизде судьялардын арасында уюшкан кылмыштуу топ бар», — деп белгиледи. Өлкө башчыбыздын айткандарына экс-судьянын мисалы далил десек жарашат. Буга  экс-судья Мамытов Эмилдин, Чүй областынын райондор аралык сотунун төрагасы судья Курманов Ашыр, анын жубайы нотариус Кожомкулова Айгүл, алдамчылыкка шектелген  адвокаты Котик Наталья Михайловнанын аракеттери президентибиз айткан сөздүн чындыгы бардыгын ырастап турат. Элестетип көрсөк, бул Мамытовдун “кылмыштуу тобунда” өздөрүнүн судьялары, нотариустары адвокаттары бар.

Демек, президентибиз Жээнбеков Сооронбай Шарипович бекер жеринен «Мамлекетибизде судьялардын арасында уюшкан кылмыштуу топ бар» – деп айтып жаткан жок. Мамлекет башчысында судьялардын былыктуу иштери боюнча жетиштүү маалыматтар бар. Бул тармакта көп проблемалар бардыгын коом түшүнүп жатат. Мен деле менин мүлкүмдү, менин бизнесимди ким талашканын эми түшүнүп жатам…

— Ошондо экс-судья Мамытов Эмилбек бүт үй-бүлө мүчөлөрүн, баласын, аялын өзүнүн аферасына аралаштырып жатабы?

— Туптура, Мамытов өзүнүн афераларына аялын, уулун, бир тууган инисин, кудасынын, досун кээ бир жерде кызын да эстеп кетет. Менимче Мамытов азыр жашоодо адашып калган деп ойлойм. Мага  анын аялы Шаршенова Чолпон Төлөмүшевна күнү-түнү телефон чалып жолугушууга чакырган сунуштар боюнча айтып кетейин.

— Эмне деп телефон чалды эле?..

— Экс-судья Мамытовдун аялы Чолпон Шаршенова күнү-түнү телефон чалып, “мен сага имараттарыңды кайтарганга жардам берем, мен күйөөмөн жададым жолугалы, анын мага кылбаган кордугу калган жок, анын көңүлдөштөрү тууралуу айтып бер. Ажырашам. Жашагым келбей калды. Калган өмүрүмдү тынч жашагым келет”, — деген өңдүү максаты бүдөмүк сунуштарды айткан. Эми түн ортосунда иш тууралуу чалып жатам деген шылтоо менен жолугушууга чакырган жоруктун артында кандай максат көздөлгөнүн ойлоонун өзү опурталдуу… Эгер экс-судья Мамытовдун аялы Чолпон Шаршенова чындап ниети ак, тилеги таза болсо, күйөөсүнүн баскынчылык, алдамчылык, көз боёмоочулук жоруктарынын кесепетинен экөө урушуп, бети чыдабай уялып жатса, анда өзүнө катталган миллиондогон доллар турган мүлкүмдү кайра эмнеге кайтарып бербей отурат деген суроо туулат. Анткени,чын эле жардам берчү ниети болгон болсо: “Кой, мен күйөөмдүн кылган иштеринен көчөгө басалбай калдым, мага катталган мүлкүңдү ал”, — деп өткөрүп бермек. Демек, жолугушууга чакырган сунуштар күйөөсүү Мамытов экөөнүн кеңешип-кесип, башкача чагым жыттанган бир нерсени ойлогондон чыгып жатканын аңдоо кыйын эмес. Мен бир нерсени белгилеп кетейин, Шаршеновадагы кылмыштуу иштерге катышуучу катары жоопкерчилик тартып калышы толук мүмкүн. Бирок мындай иштин болушун каалабайм. Эгер Чолпон Шаршенова күйөөсүнүн мыйзамсыз аракеттерин, чындыкты сотто айтып бере турган болсо, аны сот жоопкерчилигине тарттырбоого кепилдик берем.

Булак: «Фабула пресс»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here