Домой Саясат / Политика Президенттин эң ишеничтүү адамы минтип үй-бүлөлүк коррупцияга жол берип жатса, анан кантип...

Президенттин эң ишеничтүү адамы минтип үй-бүлөлүк коррупцияга жол берип жатса, анан кантип оңолобуз?

345

Сайдолимжон Жураев, ЖК депутаты, КСДП фракциясы:

Сайдолимжон мырза, 16-майда Сооронбай Жээнбеков экс-президенттин абсолюттук кол тийбестигин алуу мыйзамына кол койду. Бул мыйзамды колдойсузбу?

-Бул эң туура кадам. Ачыгын айтканда, бул маселе талкууда каралып жатканда жыйынга катышкан эмесмин. Добуш да берген эмесмин. Ошентсе да, бул туура кабыл алынган мыйзам. Ушул эле мыйзам Жогорку Кеңештин депутаттарына да иштеши керек. Анткени, ар бир депутат, чиновник өзүнүн жоопкерчилигин сезиши керек. Жөнөкөй эле мисал, бир жумадан бери “КТ Мобайл” чуусу кызуу талкуу жаратты. Премьер-министрдин бажа туугандарынын былыктары чыгып жатат. Эгер Европада ушундай көрүнүш болгондо, премьер-министр жалпы элден кечирим сурап, арызын жазып кызматтан кетмек. Биздин премьер-министр өзүнүн креслосун сактап калыш үчүн аппарат жетекчини, жетекчинин орун басарын кызматтан алып, өзү кызматтан кетейин деген ою жок. Президенттин эң ишеничтүү адамы минтип үй-бүлөлүк коррупцияга жол берип жатса, анан кантип оңолобуз? УКМКнын мурунку төрагасы  Идрис Кадыркулов уяттуу жигит экен. “Паспорт чыры боюнча тергөөнүн жүрүшүнө таасир этишим мүмкүн делген божомолдорду жокко чыгаруу үчүн төрагалык кызматтан кетүүнү чечтим” деп арызын жазып, кызматтан кетти. Чыныгы азамат экен.

-“Мен Алмазбек Атамбаевди ээрчип келген эмесмин” деп айтып чыга баштадыңыз. Анда кимди ээрчип келдиңиз эле? 

-Парламенттик шайлоого КСДП партиясы менен аттанып, элден добуш алып, эл өкүлү болдум. Бирок, мен Алмазбек Атамбаевди ээрчип келген эмесмин. Мен тарыхы тамыр жайган партия үчүн деп келгем. Өкүнүчтүүсү, жыйырма беш жылдык тарыхы бар партияны бүгүн минтип экиге бөлүп жатышат. Бирок, Сагынбек Үмөталиевичтин бул кылганы туура эмес. Мен КСДП партиясынын атынан келгем, аягына чейин КСДП партиясы менен болом. Бирок, мени Алмазбек Атамбаев да, Сагынбек Абдрахманов да чакырган жок. Анткени мен Жогорку Кеңештин трибунасына чыгып партиянын маселесин көтөргөн жокмун. Мен элдин гана көйгөйүн көтөрүп туруп алдым. Анткени, эртең эле эл айтат, “сен трибунага чыгып бакылдаганың менен эмне маселе чечтиң эле” деп.

«Ачык саясат плюс»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here