Домой Укук / Право «Президенттин аппарат жетекчилиги бизди чакырып, “Атамбаевге каршы иштеп бергиле” — деп ачык...

«Президенттин аппарат жетекчилиги бизди чакырып, “Атамбаевге каршы иштеп бергиле” — деп ачык эле айткан»

452

Адилетсиздик бийлеп турган жерде,  чындык ыйлап турат…

Амантур Жамгырчиев, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин төрагасы:

-Кечээ, 2-май күнү  “АКИпресс”  маалымат борборуна жарым сааттык эфир алып, “Айкөл Ала-Тоо”, “Эр-Теги” коомдук бирикмеси менен биргеликте пресс-жыйын өткөрдүк. Жыйын башталаарга жакын укук коргоо кызматкерлери  менен  “жалданма”  балдар келип,  “пресс-жыйынды өткөрбөгүлө”  — деп,  кыйкырганга чейин барышты. Жыйынды бүткөндөн кийин ар кандай чагымчыл күчтөр келип ызы-чуу чыгарышты. Бүгүнкү күндө “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесин экиге бөлүп жаткандар, эми минтип “Эр-Теги” коомдук бирикмесин экиге бөлө баштады. Кечээ КСДП саясий партиясын экиге бөлүп, эми минтип рейдерлик басып алуу жолун көздөй башташты. Бул оюндардын сценарийи эчак эле түзүлгөн, булардын башына укук коргоо кызматкерлерин коюп коюшкан. Сөзүм куру болбосун, жарым жыл мурда бизди президенттин аппарат жетекчилиги  чакырып, “Атамбаевге каршы иштеп бергиле” — деп ачык эле айткан. Биз ошол жерден баш тартып, “өз позициябыз бар, саясаттын ыплас оюндарына аралашып, бийликке курал болгубуз келбейт” — деп чыгып кеткенбиз. Керек болсо, күбөлөр да бар. Эми минтип 9-10 жылдан бери бир туугандай болуп, бир коомдук бирикмеде жүргөндөрдү экиге бөлө башташты. Бүгүн биз коомдук бирикмелердин башын бириктирип,  баарын ынтымакка чакыруу үчүн жыйын өткөрдүк. Бирок, бул бийликтин көзүн май басып, көрсө да көрмөксөнгө, укса да укмаксанга салып жатат. Абдан өкүнүчтүү. Ахыбал оор болуп калды.

Булак: «Ачык саясат плюс»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here