Домой Аналитика Президент Жээнбеков өзүнө өзү баш оору тапты

Президент Жээнбеков өзүнө өзү баш оору тапты

1920

Мамлекеттик башкаруу майып болгондо...

Жакында Жогорку Кеңеш Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтүнүн отчетун бир добуштан жактырды. Каршы добуш берген бир гана депутат болду. Мындай колдоо президенттин өзү келип депутаттардын алдына чыгып сүйлөп, премьердин ишин мактагандан улам болду. Ага чейин депутаттар өкмөттүн да, айрым министрлердин да дарегине сын айтып келишкен. 

Сооронбай Жээнбеков муну менен жеңишке жетишти деп койсок болот. Өзүнүн ишенимдүү кишисинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн узартып берди. Бирок бул жеңиш кайсы бир убактан кийин олуттуу жеңилүү болуп чыга келбес бекен? Анткени премьердин иши мындан оңолуп кетпейт. 

Азыр чиновниктер менен, ишкерлер менен сүйлөшө келсең эле көпчүлүгү мамлекеттик аппараттын ишинин шал болуп калганын айтышат. Жетекчилик кандай бир чечим кабыл алуунун жоопкерчилигинен коркуп турат. Анткени муну акыркы кездеги өкмөттүн отчетунун тегерегиндеги окуялар да тастыктап турат, ийгилик үчүн эч ким алардын башынан сылабасын жакшы билишет. Ал эми демилге көтөрчү болсо, анысы айланып келип эле өз башына тийген муш болоруна көбүрөөк ишенет. Кылмыш ишин козгоп туруп, камап да салышары анык.

Экономист Азамат Акенеев жакында өтө опурталдуу чоң бир нерсени айтты: 2018 –жылы өлкө жадагалса, бөлүнгөн, бекер берилген гранттарды да өздөштүргөн эмес. Ошондуктан алар чет элдик эсептерде калган. Анткени биздин чиновниктер аларды пайдалануу туурасында чечим кабыл алуудан коркушкан.  

Өкмөттөгү Ысык-Көлдөгү уран кенин иштетүүгө уруксат берүү керекпи же жокпу деген өйдө ылдый мамилеси да абдан көрсөтмөлүү. Сооронбай Жээнбеков өнүгүүдө кескин жылыштарды жасайм десе, анда мамлекеттик кызматкерлердин жаңы муунун тартышы керек. Анын санариптештирүү боюнча чыгып сүйлөгөн учурунда уктап жаткандар эмнени жыргатсын, алардын ордуна жаш, кайраттуу,  максатка умтулгандарды тартышы керек. Бирок алар шал тийген мамаппаратка албетте, келбейт.

Сооронбай Жээнбеков иш жүзүндө колун колуна урбай отурган премьер менен өкмөттүк  чиновниктерди колдоого алды. Бир жылдан кийин кайра эле келе турган отчетко чейин муну оңдоого мүмкүн эмес болуп калат. Анткени ал автоматтык түрдө алмаша турган парламенттик шайлоого жарым жыл калганда өкмөттү алмаштыруудан майнап болбойт. Демек, бизди дагы бир жылдык уйку падышачылыгы күтүп турат.

Булак: «Ачык саясат плюс»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here