Домой Коом / Общество Пара менен кармалган Дамир Сагынбаевдин бир тууганы акталды

Пара менен кармалган Дамир Сагынбаевдин бир тууганы акталды

72

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин пара талап кылууга шектелип кылмыш иши козголгон бир тууганы Батыр Сагынбаев акталды. Жогорку сот бул жагдайды тастыктады. Батыр Сагынбаев Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгында опер болуп иштеп  турганда Чүй УКМК кызматкерлери тарабынан пара алып жатканда колго түшкөн. Сот тарабынан Батыр Сагынбаевге карата «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Кызматтык ыйгарым укугунан аша чабуу», «Пара талап кылуу» боюнча козголгон кылмыш ишинде далил жок деген жүйө менен акталган. Коомчулук бул жагдайды күч органдарын тейлеген бир тууганы Дамир Сагынбаев аралашып, соттон актатты деп жоромолдошту. Дал эле ушундай көрүнүш менен Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын пара алууга шектелип кармалган баласы акталып кеткен. Мына ушунун өзү эле, сот, укук коргоо тармагында коррупция күч экенин, чоңдор үчүн мыйзам буйлалаган төө экенин далилдейт.

Oper.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here