Домой Укук / Право Мукарам Осмонова: “Тилек Матраимов! Эгер Жогорку сотту да сатып ала турган болсоң,...

Мукарам Осмонова: “Тилек Матраимов! Эгер Жогорку сотту да сатып ала турган болсоң, сенин алдыңда өзүмдү өрттөп өлөм!”

930

Мыйзам буйлаланган төөбү?

Акыйкат издеген папандыктар  өздөрүн өрттөгөнгө даяр…

Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Папан айылынын тургундары борборго  Жогорку сотко келишкен. Алар өздөрүнүн энчисине тиешелүү мыйзамдуу жер тилкелерине ээ боло алышпай, Бакиев заманынан бери кор болуп келишет. Алар Папан айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ысмаилов  Эрмаматтын үстүнөн арыз жазып, эки жылдан бери соттошуп келишет. Кечээ, 12-июнда акыйкат издеп келген айыл тургундарынын ыйын укпай,  Жогорку сот ишти 26-июнга жылдырды. Жолдун алыстыгын, жол киренин кымбаттыгын эске албай, каалагандай элди калчаган соттордун адамдын убалынан коркпогону жүрөктү оорутат.

Мукарам Осмонова: “Тилек Матраимов! Эгер Жогорку сотту да сатып ала турган болсоң, сенин алдыңда өзүмдү өрттөп өлөм!”

-Балдарымды таштап, бөйрөгүмдүн, бутумдун ооруганына карабай Жогорку сот акыйкат чечим чыгарат деген үмүт менен машиненин багажына жатып келдим. Төө-Ашууда чыйрыгып, буттарым үшүп калган. Эми минтип сыздап ооруп жатат. Менин бутумдун сыздаганы эч нерсе эмес, уулдарыма жер тилкесин бөлүп берсе баарын жууп кетет эле го. Жер тилкесин алалбай, балдарымдын батирлеп жүргөнүн көргөндө жүрөгүм сыздайт. Ушул жерлерди мыйзамсыз берип жиберген Тилек Матраимовго кайрылат элем, — айланайын Тилек, сени деле мендей эне төрөгөн чыгар. Жаштайыңдан андай ыплас иштерге аралашкандын ордуна элден бата алсаң боло! Энелердин көз жашын аясаң боло! Сенде баары жетиштүү, деги сага эмне жетпейт?! Айланайын Тилек, эгер Жогорку сотту  сатып ала турган болсоң, сенин алдыңда өзүмдү өрттөп өлөм!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here