Домой Укук / Право МЕКЕМЕНИН АТЫ “УНАА”, ЗАТЫ – БАЯГЫ ЭЛЕ

МЕКЕМЕНИН АТЫ “УНАА”, ЗАТЫ – БАЯГЫ ЭЛЕ

54

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовду 2019-жылдын 25-мартында Октябрь райондук соту 12 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Эсиңерде болсо, бул атка минерибиз иш бөлмөсүнө кирген адамдардан түрдүүчө суммада акча алып, кандайдыр бир документтерге кол коюп берип жатканы тартылган оперативдик видеолорду көрбөдүк беле. Эми бул иш 2019-жылдын 14-майында Бишкек шаардык сотунда апелляциялык тартипте каралганы жатат. Бул мекемеде да коррупциянын уюгу аарынын бал челегиндей кыжылдаган абалда эле, аты “Унаа” болуп 2018-жылдын 21-декабрында өзгөрүлүп, автоматташтырылган жаңы маалыматтык система менен иштеп жатканына карабастан, аарынын кужулдаганы баягы эле бойдон дешет. Азыр электрондук кезек системасында иштеп жатканы менен, буга деле “кыргыз системасы” кирип алыптыр. Кужулдаган аарылардын арасынан бирөө “кимге без очередь керек”, “кимге срочно керек” деп шыбырап өтсө болду, кыргыз каерде мыйзам менен жүрчү эле. Электрондук кезек биякта калып эле, “кара-кулжалык кезек”, “көлдүк кезек”, “таластык кезек” болуп чырмалышат да калат. Баса, Насирбек Алмаматовдун ысмы киши болдуу болуп каза болгон Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча иште да жарк-журк эте баштаганын айрым маалымат булактары шардана кылышты. Көрсө 19 жаштагы кызды акыркы жолу көргөн эс алуучу жайдын кожоюну Алмаматов экен. Бул иште ал негизги күбө катары өтүп жатканын жазып жатышат. Студент Камила Дүйшөбаеванын сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган. Насирбек Алмаматов болсо ортодон 4 жыл 8 ай өтүп 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Кыңыр иш 40 жылдан кийин болсо да билинет тура. К.Дүйшөбаеванын өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин иликтөө азырынча аягына чыга элек. Бул иш боюнча 400гө жакын адам суракка алыныптыр.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here