Домой Саясат / Политика Раим Матраимов журналисттерге үй-мүлкүн көрсөтүүгө даярбы?

Раим Матраимов журналисттерге үй-мүлкүн көрсөтүүгө даярбы?

408

Башкы прокуратура «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, УКМКнын Күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Дамир Мусакеевге кылмыш ишин козгоду. Бүгүн Дамир Мусакеев журналисттерге пресс-тур уюштуруп, өзүнүн жана бир туугандарынын мүлктөрүн көрсөттү. Мусакеев өзү 2007-жылдан тартып, 2010-жылга чейин Аламүдүн районуна караштуу Маевка айылында жайгашкан курулушу толук бүтө элек үйдүн бир бөлмөсүндө үй-бүлөсү менен жашаган. Андан соң, УКМКнын кызматтык жатаканасында бир бөлмөдө жашап, кийин УКМКнын кызматкерлерине курулган үйдөн эки бөлмөлүү батир алган. Учурда ошол кызматтык батирде үй-бүлөсү менен турат. Мусакеевдин жана анын бир туугандарынын мүлктөрүн көргөн коомчулук, мындай үй ар бир жөнөкөй жарандарда деле бар экенин, бийлик айткандай баш айланткан миллиондогон байлыктары жок экенин, бирок эмне себептен Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп жатканына таң калышып, социалдык түйүндөрдө чоң талкуу жүрүп баштады. Ии баса, пресс турга катышкан журналисттер демилге көтөрүп, Раим Матраимовдун мүлктөрүн көрсөтүүнү, Дамир Мусакеев тарабынан сунулган эстафетаны кабыл алуусун жарыялашты. Учурда Раим Матраимов мырзадан жооп боло элек.

Oper.kg

Oper.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here