Домой Саясат / Политика КЫРГЫЗСТАНДЫ КИМ БАШКАРЫП ЖАТКАНЫН БИЛДИҢЕРБИ?

КЫРГЫЗСТАНДЫ КИМ БАШКАРЫП ЖАТКАНЫН БИЛДИҢЕРБИ?

184

Бийликтин жытын и… скейин?

ЖоКенин спикери Дастан Жумабеков, өкмөт башчынын биринчи орун басары Кубатбек Боронов баштаган кыргыз бийлигинин “каймактары” Кара-Суунун эмес, Кыргызстандын “теневой королдору” эсептелген бир тууган Матраимовдордун колдоруна, тойс тегирменине суу куюп келишти. Абылгазиев менен президент Жээнбековдун барбаганы абийир болуптур. Болбосо кыргыз бийлигинде мамлекеттик кызматкерлердин протоколун сактабаган бир да адам калбай калмак экен.

Кайран гана Текебаевдин жоктугу? Бир кезде спикер А.Келдибеков да дем алыш күндөрүндө эс алууга барып, “черныйлардын” бири менен чай ичип койгонун чуу кылып, мындай “замашкалар” спикердин кынтыксыз жүрүм-турумуна дал келбейт деп ызы-чуу салып отуруп, аны кызматтан кетирген эле. Ошол окуя ЖоКенин спикери Дастан Жумабеков, өкмөт башчынын биринчи орун басары Кубатбек Боронов, фракциялардын лидерлеринин эсинен чыгып калдыбы? Кантип эле? Кыргыз элитасынын мээлери же ушунчалык кыска убакытка эле ылайыкталганбы? Ошолорду элита деген бизде да мээ жок.

Же алар Кара-Сууга жабыла самолет менен, казы-карта, чучук сугунганга, палоо (аш) жегенге эле барышканбы? Албетте, жок. Чүйгүн тамак Бишкекте деле табылат деңизчи, бирок… Матраимовдор бирөөлөрдүн кол алдындагы куурчактай эле элес калтырат. Аларды артынан башкарып турган көрүнбөгөн колдор бар сыяктуу.

Жеңиштин 74 жылдыгына карата аксакалдарга чай берүү ниети жакшы, атасынын атын даңазалаган жакшы, спорттук мелдештерди өткөрүп, айылдыктарды сергек жашоого чакырган жакшы. Бул жагынан Матраимовдорду күнөөлөгөн болбос. Аларкапчыгы жука эмес бир туугандар. Акылдуу, ишкер, жөн билги болсо, алар Кудайга жазыптырбы. Кыргызстанда ушундай ой-пикир айткан бир киши чыккан.

Биз ошол Кудайга жазбаган бир туугандардын иш чарасына Бишкектеги жоон топ мамлекеттик кызматкерлердин көчүп барышынын адеп-ахлактык жагын айталы. Уран кенин иштетүүгө каршы чыккан элдин алдына келип бир ооз калыс кебин айталбаган депутаттардын Матраимовдордун спорттук мелдешине топ тепкени барышыптырбы? Албетте жок. Алар алдыдагы парламенттик шайлоого даярдыктын алкагында барышкандыгы көрүнүп-билинип калды. Парламенттик шайлоо алар ойлогондой натыйжа менен аяктаса, андан кийинки президенттик шайлоонун натыйжасы буюрса матраимовчулардын, жумабековчулардын, бороновчулардын чөнтөгүндө дей бериңиздер. Чөнтөк парламент, чөнтөк өкмөт, чөнтөк президент Кыргызстанга эбак эле келип калган.

Булак: «Ачык саясат плюс»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here