Домой Саясат / Политика Кыргыздын “саясий элитасы”…

Кыргыздын “саясий элитасы”…

70

Жоругуң жолдо калгыр…

«Манас» улуу баянында калмактын каарманы Жолойду «Майланган буудай жүздөнүп» — деп сүрөттөйт эмеспи. Дал ошол эпостогу Жолойчосунан сүрөттөлгөн майланган буудай жүздөнүп, ой-тоону сүйлөй берген Кожобек Рыспаевдин жөнү башка. Ал турушу менен эле эт чапкыч. Ошол бойдон калган. Акыл эси, деңгээли деле ошол Ош базарындагы эт чапкыч боюнча. Илгери эт чаап, Ош базарда касапчылар менен иштеп калган экен, ошол эле тас кейпинде. Афганчылардын атынан Куловдун ишенимине кирүү менен «Ар-Намыс» партиясы менен депутат болуп келген. Депутат болуп тынч отура албай Атамбаевге жагынуу амалын кылып, Куловду бир заматта фракциясынан ажыратып коё жаздаган. Ошол акысына комитет жетекчилигин алып, акыры Атамбаевди этектеп жүрүп, КСДП менен депутат болуп келди. Дал ушул жерден так айта кетели. Эгерде Сооронбай Жээнбеков чындап эле коррупция менен күрөшкүсү келсе анда ТЭЦ боюнча камоону дал ушул Кожобек Рыспаевден башташы керек эле. Анткени комитет жетекчиси катары 2010-2015-жылдары жана 2015-2017-жылдары азыр пайдасынан чуусу көп тоо-кен тармагына лицензия берүү, энергетикага миллиондоп карызы бар ишканалардын жарыкка болгон карызын кечүү демилгелери дал ушул кишиге тиешелүү. Ошонун натыйжасында Кыргызстан кошумча ТЭЦ курууга мажбур болгон. Дал ошол муктаждыктан пайдаланып, аны кайра өзү жетектеген комитеттен өткөрүп, ТЭЦке өз кишилерин директор кылуу менен тикелей коррупциялык элементке жол ачып бергени ачыкталып эле турбайбы. Сөз чынында сот залында Сапар Исаков эмес, дал ушул Кожобек Рыспаев отурушу керек эле. Анткени Бакиевдерден кийин эле энергетикалык кризиске ушул киши тикелей тиешелүү. Мына ушул кесепетин жакшы билген Кожобек Рыспаев азыркы президенттен коркуп жан алы калбай Атамбаевди жамандап берип жатат. Жогорку Кеңештин жалпы кадырын жерге жеткирип, «бүгүнкү парламент чимкирик эмес» — деп коомчулуктун баа берүүсүнө ушул киши себепкер.Бийик трибунадан «биз чимкирик эмес, кыргыздын саясий элитасыбыз» — деп коомчулукту кайра козгоосу  уяттын уяты, абийирсиздиктин жеткен чеги. Ушинтип отурса анан кантип Жогорку Кеңештин кадыры болсун. Биздин «майланган буудай жүздөнгөн» парламент мүчөлөрүнүн саясий элита экенин көргөн коомчулук мындай элитанын барынан жогу деп жатканын алар билишет болду бекен?

Сөз акырында баары тең жеке Атабаевдин аркасы менен киши болушуп эми ага кайра акаарат келтирип жатышы бул жакшы жышаан эмес. Азыр экс-президенттин кол тийбестигин алуу маселесин козгоп жатышат. Эгер эртең Атамбаев камала турган болсо коомчулук көтөрүлүп, азыркы бийликтин мындан ары иш улантуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Эл толкуйт. Эң негизгиси Кокон хадыгы кайра орнойт. Иниси, кудалары, таяке жээндери жалпылап Кыргызстанды монолиттүү башкарууга алып барып, өлкөнүүчүнчү революцияга жетелейт. Ал эми үчүнчү революция мамлекеттин келечегине чекит коюшу толук мүмкүн…

Oper.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here