Домой Саясат / Политика Кожобек Рыспаев доо арыздын көлөмүн 1 млн. сомго көтөрдү

Кожобек Рыспаев доо арыздын көлөмүн 1 млн. сомго көтөрдү

340

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев «Ачык саясат плюс» коомдук-саясий жана укуктук гезитинин үстүнөн жазган доо арызын Октябрь райондук соту карап жатат. Тактап айтканда, макала 2018-жылдын август айында жарыкка чыккан. Ушул күнгө чейин таттуу уйкуда жаткан Кожобек Рыспаев түшүнөн чоочуган немедей «Ачык саясат плюс» гезитин жарым жылдан кийин сотко берип, абийириме шек келтирди деген жүйөө менен 300 000 сом талап кылган. Эми минтип Кожобек Рыспаевдин өкүлдөрү доо арыздын көлөмүн 1 млн. сомго көтөрүштү.

Соттук отурум ачык өтөөрү айтылганы менен соттун төрайымы Дүйшөмбиева Майрамгүл бүгүнкү процессти чагылдырууга келген журналисттерди камера менен кирүүгө тыюуу салды.

Ошондой эле, процесске катышууга келген коомдук активист Аманбол Бабакулов «Кожобек Рыспаевдин максаты 300 000 же 1 миллион сом алуу эмес, анын максаты оппозициялык маанайдагы «Ачык саясат плюс» гезитин жаптыруу» деп билдирди.

Oper.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here