Домой Саясат / Политика Коррупцияга каршы күрөш саясий өңүттө тандалма жол менен жүрүп жатат

Коррупцияга каршы күрөш саясий өңүттө тандалма жол менен жүрүп жатат

454

Мурадыл Мадеминов, ЖК депутаты, КСДП фракциясы:

-24-майда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевди Свердлов райондук соту 5 жылга эркинен ажыратты. Бул боюнча сиздин пикириңиз?

-Алмазбек Атамбаевдин башкаруу жылдарында өлкөгө гранттык негизде түшкөн каражаттарга 80-90 пайызына  ИИМдин, УКМКнын кызматкерлерине социалдык турак-жайлар курулган. Кызматкерлерге батирлердин ачкычын тапшыруу аземинде “мыйзамсыз алгандар да бар” деген кептер чыккан. Бул сөздөрдү уккандан кийин атайын иликтөө жүргүзүп, анда жазылган жоболор, талаптар менен таанышып чыктым. Мисалы, Улуттук коопсуздук кызматында 20 жыл иштеген кызматкерге 1-кезек менен берилет. Бирок, ушул эле кызматта 5 жыл иштеп батирлүү болгондорду да кездештирүүгө болот экен. Маселен, күнү-түнү тикесинен тик туруп иштеген кызматкердин күжүрмөн эмгегин баалап, мамлекеттик наам, орден, ардак грамоталар берилет. Жободо жазылган талаптарга ылайык аз убакыттын ичинде алган сыйлыктары туура келсе ал кызматкерге батир берилет. Өзүңүздөр деле калыс болсоңуздар, айлыктан айлыкка жашаган кызматкерлер батир берилгени жаманбы?! Убактылуу берилген батирлер приватташтырылып кеткен жок да.

Бийлик алгач Дамир Мусакеевге “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Бул жигит пресс тур уюштуруп, жалпы жумурай журналисттер аркылуу үй-мүлкүн, бир туугандарынын да үйүн көрсөткөн. Бийлик Дамир Мусакеевден эч кандай кынтык таба алган жок. Акыры Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп турган учурда кызматтык батирлерди туура эмес бөлүштүргөн, коррупцияга жол берген деген жүйөө менен 5 жылга эркинен ажыратты. Негизи Дамир Мусакеевге шарттуу түрдө чечим чыгыш керек болчу. Ошондой эле, бул жигитти УКМКнын тергөө абагына эмес, СИЗО-1ге алып баргандары туура эмес. Укук коргоо органдары карапайым элге эмес, бүгүнкү бийликке кызмат кылып, одоно мыйзам бузууларга жол берип жатышат. Бүгүнкү күндө коррупцияга каршы күрөш саясий өңүттө тандалма жол менен жүрүп жатат. Бир жарым жылдын ичинде казынага канча каражат түштү? Мисалы, Алмазбек Атамбаевдин убагында  бир жылдын ичинде 8, 5 миллиард сом түшкөн. Эл деле түшүнүп жатат окшойт…

«Ачык саясат плюс»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here