Домой Маек / Интервью “Коррупция менен күрөшкө катуу киришкендей түр көрсөтүшкөнү менен андан жарытылуу деле ...

“Коррупция менен күрөшкө катуу киришкендей түр көрсөтүшкөнү менен андан жарытылуу деле жыйынтык чыккан жок”

135

Бакыт Бакетаев, саясий серепчи:

-Бакыт мырза, Жогорку Кеңеш өкмөттү тескегени  үчүн түрдүү сындарга кабылчу. Эми Жогорку сотту тескей баштады. Жогорку Кеңеш укуктук ченемдеринен аша чаап кеткен жокпу?

-Парламенттин сотторду тескөөгө жасаган  аракети негизинен системадагы катачылык деп айтат элем.  Мыйзамда соттор эч кимге отчёт бербейт деп жазылып калган. Жогорку Кеңеш эмес Президентке да отчёт бербейт. Соттор Кудайдын алдында гана жооп берет. Соттор өзүнүн ички дүйнөсүнө жана мыйзамга гана баш ийет. Ошондуктан, нааразычылык жараткан жагдайлар көп. Бул нерсени эпке келтириш үчүн сот реформасын тездетиш керек. Антпесек кайчы пикир жараткан мыйзамдартүрдүү нааразычылыктарды жарата беришет. Маселен, соттордун чыгарган туура эмес чечими үчүн жоопко тартуу башталды, коррупция  менен күрөш күч алды дегенибиз  менен ал тармакта коррупция баштагыдан да  күч алып кетти. Аны сотторго ишин бүткөрүүгө көз каранды болгондор айтып жүрүшөт. Алар соттордун алкымы  мурункудан да ачылып кеткенин ачык эле кеп кыла башташты. Депутаттар сотторду  тескейбиз, айрым чечимдери үчүн уяткарабыз  дешкени менен аларга чынында эле алдары жетпейт. Алар судьялык  кызматка бекигенче эле депутаттарга көз каранды болбосо, бекип  алгандан кийин депутаттарды уруп да ойнобой калышат. Башкача айтканда,депуттардын сотторду тескөөгө жасаган аракети аларга кол салуу болуп эсептелет. Соттор сотторду көзөмөлдөгөн органдардан гана тайсалдашпаса, көпчүлүк учурда өз билгендерин кылышат.

ТЭЦ боюнча чыныгы коррупционерлер жоопко тартылабы же бийликке гана ыңгайсыздык жараткандар камалып, башкасы эркиндикке чыгып кетеби?

-Кандай иш болбосун адегенде күнөөсүн далилдеп анан кесиш керек. 111 миллион доллардын дайыны жок деген маалымат кетип жатат. Чынында ал каражатты  ким эсептеп берди деген дагы маселе бар. Айтайын дегеним, бийлик иштеп жатат. Коррупционерлер менен күрөшүп, ичкенин кустуруп жатат деген сөз үчүн иштеп, күнөөлөрү далилдене электе эле  камаса, эртең мунун баары саясат үчүн жасалганы байкалып, камакка алынгандардын көбү  саясий курмандык болгону эртең эле ачыкка чыгат. Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевди далилдери жок эле камап коюшту эле. Алар саясаттын гана курмандыгы болгонун элдин баары эле айтып жатышат го. Булардын да күнөөлөрү  далилденбесе,  койгон дооматтары ынанымдуу, аргументтүү болбосо эл ишенбейт. Элди дүрбөтүп түрдүү маалымат тарата бергени менен баары бир чындык ачыкка чыгат.

-ТЭЦ маселесинде келишимди ратификациялап бергени үчүн депутаттардын да жоопкерчилиги барбы?

-Депутаттар биз неге жооп беребиз  кол койгондор, аны ишке ашыргандар жооп берсин деп жатышат го. Ошон үчүн эң биринчи кезекте коррупциялык схемалар орун алган  мыйзамдарды оңдош керек. Болбосо  коррупциялык схемалар Акматты алып, анын ордуна Ташматты койсо деле иштей берет. Коррупция менен кишен же погондор аркылуу күрөшпөй мээ менен жана эл аралык стандарттагы жаңы методдор менен күрөшүшүбүз керек. Болбосо жаш, жаңы дем, жаңы күч менен иштейт деп ишеним арткан жаштар да, коррупциялык схемалар жашынып алган мыйзамдар бар үчүн алар да билип, билбей жапжаш туруп, коррупционер атыгып жатышат.

Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов ойго келбеген кара пиарга кабылганын айтып жатат го?

-Кандай бийлик болбосун кара пиар болуп келген боло берет жана боло бермекчи. Нурбек Токтакунов ал тууралуу жарыяланган маалыматтардын баары чындыкка дал келбегенин, жок жерден караланып жатканын тажабай айта да, жаза да бериши керек. Болбосо маалыматтык согушта утулуп, ал тууралуу коомчулукта туура эмес пикир калыптанып калат.

-Атамбаевге ыктаган саясатчылардын көбү бийликтин кодулоосуна, саясий куугунтукка кабылышты.  Сизде андай жагымсыз жагдай орун алган жокпу?

-Мен Атамбаевдин жакшы иштерин жакшы дедим. Катачылык кетирсе аны да ачык айттым. Ошон үчүнбү башкалардай болуп  куугунтукка кабылган жокмун. Башкача айтканда, куугунтукка кабылганымды байкаган жокмун.

-Коопсуз шаар долбоору элдин капчыгын кагуубу же айдоочуларды эреже сактоого аргасыз кылган  айдоочулук маданиятка үйрөтүүбү?

-Кечээ күнү коопсуз шаар долбоору боюнча  кайрылуу жазып Жогорку Кенешке, Өкмөткө жөнөттүм.  Эгер коопсуз шаар долбоору элди тартипке чакыруу үчүн жасалып жаткан долбоор  болсо, 23-февралга чейинкисин амнистия кылгыла дедим. Анткени эл буга чейин мурунку эреже менен жашап көнүп калган. А дегенде жолдорду стандартка жооп бере турган кылып куруп, тиешелүү белгилердин баарын коюп анан бул долбоорду ишке киргизиш керек. Мага бул долбоор акча чогултуш үчүн эле иштеп жаткандай сезилип жатканын ачык жаздым.

Азыркы бийлик жакшы эле иштеп жатабы же мурунку бийликтин катачылыгын кайталап жатабы?

-Коррупция менен күрөшкө катуу киришкендей түр көрсөтүшкөнү менен андан жарытылуу деле  жыйынтык чыккан  жок. Коррупция күч алган тармактарда күрөш анчалык деле болгон жок. Арзыбаган каражат алгандарды кармап, пара алды дей беришкени үчүн коррупция гүлдөгөн тармактарда  күч ала баштады.  Президент бийликтин системасын, механизмин  өзгөртпөсө, реформага катуу киришпесе орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт.

Азыркы бийликтин өкүлдөрү менен кээдежолугуп кеңешимди берем. Алар оппозицияны жана башка тармактын өкүлдөрү менен жолугушканы менен андан жарытылуу деле натыйжа чыгара албай жатышат.

Oper.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here