Домой Аналитика КООМ ЖАНА ЭКОНОМИКА

КООМ ЖАНА ЭКОНОМИКА

130

КБиз, кыргыздар, “Октябрь революциясынын шарапаты менен феодализм доорунан капитализмди аттап өтүп, түз эле социализмге келип калдык”— дечү элек. Бирок, эч кандай мезгилдүү доор алмашуу мыйзамы менен эмей эле, кыргыз бийлиги Союз тарагандан кийин анын жетегисиз калып, өз өлкөсүнүн өнүгүү жолун таба албай, батыштын таасирине кабылды. Анын таңуулоосу менен өлкөдө адам укуктарынын жалпы коомдук кызыкчылыктарга үстөмдүгү таанылды, рыноктук мамилелер киргизилди жана партиялык шайлоо системасына негизделген либералдык демократия орноп, бизкапитализм дооруна кайра артка кайтып келдик.

Жеке менчикке привилегиялар берилип, ага негизделген “Рыноктук экономиканын атаандаштык фактору өлкөнүн өнүгүүсүн өркүндөтөт”- деген саясат менен жалпы коомдук мүлк элдин тиешелүү даярдыгысызжана шашылыш түрдө менчиктештирилип жеке менчиктин колуна өттү. Мындай учурда сөзсүз пайда боло калчу шылуундар коррупциялык ыкмаларды алгачкы жолу кеңири масштабда колдонуп, мыйзамдарды одоно бузуу менен менчиктештирүү саясатынөз кызыкчылыктарына пайдаланышып, коомдук мүлктү“прихватташтырып”, иштеп жаткан ишканаларды атайын банкрот кылып токтотушуп, аларды талап-тоноп жана сатып жок кылышты. Эл, жумуштан массалык түрдө кыскартылып же жалпысынан түз эле көчөгө айдап салынды. Өлкөнүн өндүрүштүк базасы тып-тыйпыл жок кылынып, керектүүнүн баары сырттан ташылып келип, башка өлкөлөрдүн экономикасы өнүгүүдө.

Жумушсуз калып, киреше булагынан ажырап жакырланган эл, карылардын пенсиясы, балдардын пособиеси жана алып-сатарлык менен эптеп жан багып калды. Сокур жана дүлөй майыптар өндүрүшүнөн ажырап, жарыбаган пенсия менен өтө оор абалда калышты. Камак мекемелеринин чарбалык эсептеги ондогон кубаттуу өндүрүш ишканаларында миңдеген соттолуп камалгандар иштеп, алардын көбү эмгек менен оңолуу жолуна түшүп, өз үй-бүлөсүн гана бакпай, мекемелерин да каржылап, коомго жана жарандарга келтирген зыянын төлөп, мамлекетке да чоң пайда келтиришчү. Камак мекемелеринин өндүрүшү жок кылынып, камактагыларды кармап багуу жана аларды карагандарды каржылоо алсыз бюджетке жүктөлдү.

Шылуундартез эле көптөгөн ишканаларды, жер ресурстарын жана кен байлыктарын ээлешип, көп акча топтогон ишкер-бизнесменжана олигарх аталган байларпайда болду. Байлар  бардык күчүн жана көп каражатын жумшап, мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин бардык бутактарына коррупциялык ыкмалар менен кызматка орношууга жана шайланууга, байлыгын жана кызматын пайдаланып мыйзамдарды өздөрүнө ылайыктап өзгөртүп, өздөрүнүн киреше булактарына жагымдуу шарт түзүүгө, аларды дагы өнүктүрүп, зор капитал топтоого жетишти.

Капитал, мамлекеттик саясатка активдүү кийлигишип жана ага чечүүчү таасир көрсөтүп, коомдун түзүлүшүн жана анын башкаруу системасын аныктап калды. Өлкөдө “демократиялык түзүлүш орноду”— делген менен, иш жүзүндө капиталдын башкаруусу орноду. Капитал, мамлекетке карата өз кызыкчылыгын таңуулаган басым жасоочу күчкө, ал эми элге карата анын эмгегин эксплуатациялаган эзүүчү тапка айланды. Өткөн заманда ата-бабаларыбыз капиталды элди эзүүчү тап катары канын төгүп, күрөшүп жүрүп араң жок кылса, азыркы бийлик “Рыноктук экономиканы киргизебиз”— деген шылтоо менен аны кайра жаратып алды. Өлкөдөгү бул жагдай мамлекеттик бийликтин буржуазиялык мүнөздө болуп калыптанышына алып келди.

Мамлекеттин дээрлик бардык бюджеттик кирешелеринин негизги булагы болгон экономика-нын маанилүү позициялары жеке менчиктин колуна өтүп,өзүнүн жетишерлик экономикалык базиси жок мамлекет, иштиктүү экономикалык саясат жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, толугу менен капиталга көз карандылыктын саясий-экономикалык торуна түштү.

Мамлекеттик кызматтарды коалициялык партиялар ээлеп алгандыктан, бийлик түзүмдөрүндө капиталдын өкүлдөрү кеңири орун алып, алар иш жүзүндө элге эмес, партияларга жана капиталга кызмат кылышат жана алардын таламдарын талашышат. “Жеке ишкердикке колдоо көрсөтөлү”— деген шылтоо ураан менен алардын ишмердигин көзөмөлдөп текшерүүнүн бардык түрүнө түздөн-түз чектөө жана мораторий коюлуп, аларга салык жана бажы төлөмдөрүнө жеңилдик берилип же аларды төлөөдөн толук бошотулду.

Көптөгөн көмүскөишканаларда элди эксплуатациялап эзип иштетүү, мыйзамдарды одоно бузуп эмгек келишимсиз, жумуш мөөнөтүнөн ашыкча, толук дем алышсыз жана акы төлөнгөн эмгек өргүүсүз, татыктуу эмгек акы төлөбөй жана алардын кийин пенсияга чыгуу үчүн социалдык төлөм чегербей, аларга эмгек коопсуздугунун, санитардык-гигиеналык ж.б. тиешелүү керектүүшарттарды түзбөй, болбогон кемчиликтер үчүн иштегендерди айыпка жыгып штраф кармоо же түз эле жумуштан айдап жиберүү амалдары кеңири таралган көнүмүшкө айланды.

Капиталист, табиятынан эле ар кандай иштен максималдуу пайда чыгарып алууну көздөгөндүктөн, мамлекеттик чиновниктер менен коррупциялык алака түзүүгө жана алар аркылуу мамлекеттин заказдарын же подряддарын өздөрүнө ыңгайлуу жана пайдалуу шартта алууга умтулат. Алар өздөрүнүн продукциясынын же көрсөтүүчү кызматынын баасын олуттуу кымбаттатып же тескерисинче, мамлекет аларга зарыккан учурда саботаждык да кылат.

Бийлик, капиталдын мыйзам бузууларын көрмөксөн-билмексен болуп көзөмөлдөбөй, тескерисинче анын ишмердигин бир беткей колдоп жана капиталдын кызыкчылыгы үчүн эзилген көпчүлүк элдин үстүнөн басым жасоочу буржуазиялык куралга айланды.Бийлик, капиталга өзү кызмат кылганы аз келгенсип, эми ошол батыштын таңуулоосу жана каржылык колдоосу менен ишкерлердин укугун коргоо үчүн мамлекеттик түзүлүшкө бизнес- омбудсменин киргизүүдө.

Коом, капиталы аркылуу мамлекетти бийлеген же ага басым жасаган олигархтардан, кирешелүү бизнеси бар майда буржуазиядан, жалданып иштеген эмгекчилерден жана жакырлар, майыптар жана камактагылар түзгөн калктын аярлуу катмарынан турган социалдык сословиелерге бөлүнүп калды. Эң жаманы, жумушсуз жана оокат-жайсыз томаяктар-пролетариат кайра пайда болду. Элдин калың катмары жакырланып, анын активдүү бөлүгү эптеп жан багуу үчүн жумуш издеп миңдеп ата-мекенин жана үй-бүлөсүн таштап дүйнө кезүүдө.

Социалдык адилеттүүлүктүн принциптери илгертен эле кыргыздын салтында орун алган. Жалчы жакырга баш калкалаганга үстүнө үй, саап ичкенге уй, көчкөнгө улоо берип, аларды журтка таштабай элдин катарында алып жүрүшпөсө, “эл жакшылары” сөзгө калышкан.Мамлекеттин социалдык адилеттүүлүк ишмердиги калктын айрым категорияларына пособие жана жөлөк пул берүү менен эле чектелип, алардын керектөөсүн гана пассивдүү камсыздоого айланды. Ишкерлер түзгөн аз сандагы жумуш орундарына калктын аярлуу катмарынын өкүлдөрү орношо албайт. Өлкөбүздүн өнүгүүсү КМШ өлкөлөрүндө эң артта калып, эли жакырланып, миллиондой эл сыртта тентип жүрсө да, бийлик кабагым-кашым деп, ордунан козголуп коё турган түрү да жок.

Бийлик экономиканы башкаруудан четтеп, мамлекеттик менчиктеги ишканаларды иштетүүгө дилгирлиги жок. Коррупция, тендердик сатып алуулар, чыгымдын көптүгү менен компетентсиз жетекчилердин бюрократиялык кашаң жана ыкшоо башкаруусундагы мамлекеттик менчик,башкаруусу ийкемдүү, өз алдынча тың  жана ыкчам жеке менчикке атаандаштык кыла албайт.

Бийлик ишенич арткан капитал жана инвестор элдин социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө кызыкдар да милдеттүү да эмес. Бул, алар үчүн керексиз машакат жана чыгым. Мындай социалдык көйгөйлөрдү күчтүү экономикалык базиси бар мамлекет өзү гана чечүүгө милдеттүү. Бирок, колунда жетишерлик экономикасы болбогон алсыз мамлекет, калктын аярлуу катмарындагы жумушсуздукту жана аны менен бирге жакырчылыкты эч качан жоё албайт.

Мамлекет экономиканын баарын “дүңүнөн” рыноктук мамилеге өткөрүп жиберсе да, анын экономиканын маанилүү позициялары капиталдын эмес, мамлекеттин колунда калууга тийиш.

Өлкөдө өзүнө жетээрлик жогору өнүккөн жана жакшы уюштурулган, илим менен техниканын алдыңкы жетишкендиктерине негизделген, экономиканын күчтүү материалдык базасына айланган индустриалдык жана агро өнөр жайы болууга тийиш. Мамлекеттин колундагы күчтүү экономикалык базис, анын коомдук түзүлүшүнүн туруктуулугуна, коопсуздугуна, жашап кетүү жөндөмүнө жана тагдырына аныктоочу таасир көрсөтүп, мамлекеттин өзүн-өзү коргоосу үчүнжана элди жумуш менен камсыз кылып, анын жакырланышына жол бербөөгө пайдаланылат.

Тизмесин Өкмөт аныктаган стратегиялык жана коргонуу маанисиндеги, эл биринчи кезекте күнүмдүк керектөөчү негизги товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө, мамлекеттик мекеме-ишканалардын туруктуу керектөөлөрүнө жумшалуучу товарларга жана алардын курулуш объектилерин долбоорлоо, куруу жана ремонттоо иштерине мамлекеттин өндүрүштүк кубатынын мүмкүнчүлүгүнө ылайык, этап-этабы менен мамлекеттик монополия киргизилүүсү зарыл.

Өлкө экономикасынын маанилүү багыттарынын жана анын айрым бөлүктөрүнүн пландуу жана системалуу өнүгүүсүн, тармактар менен аймактык комплекстердин ортосундагы пропорцияларды, аларга сарпталуучу каражаттардыжана аткарылуучу милдеттерди камтыган, илимий негизде жөндөлүүчү экономикадан жана либералдык рыноктук мамилелерден куралган аралаш экономикатүрүндөгүбирдиктүүМамлекеттик өнүгүү планыкиргизилүүгө тийиш.

Мамлекеттик монополиялык товарлардын өндүрүүнүн өзүнө турган наркы жана алардын баасы конкуренцияга жөндөмдүү болуп, аны аныктоо тартиби мыйзам менен бекитилет. Алар элге муниципалдык соода тармагы аркылуу чекене баа менен сатылат. Мамлекеттик бюджеттик мекемелердин керектөөлөрү Өкмөт бекиткен ченемдердин негизинде, ал эми чарба эсебиндеги мамлекеттикишканалардын керектөөлөрү, алардын өндүрүштүк планынын негизинде дүң баада мамлекеттик камсыздоо Кампасынан наряд менен тендерсиз камсыздалат.

Монополиялык тизмедеги товарларды өндүрүү сырттан ташылып келип, өлкөдө чоң көлөмдө керектелүүчү, жогорку рентабелдүү жана аз чыгым менен бат өздөштүрүлүүчү позициялардан башталат. Аларды өндүрүүгө салык салынбайт жана андан түшкөн пайда мамлекеттик капиталдык салымдар менен кошо улам жаңы позицияларды өздөштүрүүгө жумшала берет. Монополиялык товарларды өндүрүү башталганда, ата-мекендик өндүрүштү коргоо максатында аларды сырттан импорттоп ташып келүүгө бардык чаралар менен бөгөт коюлат.

Монополиялык товарларды өндүрүүнүн активдүү социалдык программасы биринчилерден болуп, даректүү түрдө калктын туруктуу аярлуу катмарына багытталып, аларды активдүү социалдык коргоо максатында жумуш орундары менен камсыздоо үчүн, атайын мамлекеттик социалдык ишканаларды куруу жана аларга мамлекеттик монополиядагы продукциянын бир бөлүгү өндүрүштүк план менен бекитилет. Бул даректүү активдүү чара, өлкөдө жумушсуздукту жана жакырчылыкты толугу менен жоюлушун камсыздайт!

Мамлекет, монополиялык товарларды өндүрүү үчүн: а) монополиялык товарларды өндүрүп жаткан мамлекеттин колундагы ишканалардын кубаттуулугун арттыруу; б) кереги жана өтүмү анчейин эмес башка товарларды өндүргөн ишканаларды монополиялык товарларга кайрадан профилдештирүү; в) жаңы өндүрүштөрдү куруу; г) мыйзам бузуунун предмети катары конфискацияланган ишканаларды пайдалануу чараларын көрүүгө тийиш.

Өлкөнүн өнүгүүсүнө бөгөт болгон укуктук жагдайлардын тереңдиги жана масштабдуулугу, алардын бири-бири менен өз-ара тыгыз байланышы, реформалардын радикалдуулугун жана комплекстүүлүгүн талап кылат.

Жөндөлүүчү пландуу экономика камтыган негизи багыттары:

1) ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү жана анын өсүү темпи;

2) инвестициялардын көлөмү,анын ичинде ички инвестициянын үлүшү;

3) мамлекеттик өндүргүч күчтөрдүн жайгаштырылышы жана курулушу;

4) калктын туруктуу аярлуу катмарын активдүү даректүү социалдык коргоо.

Жөндөлүүчү пландуу экономиканыбашкаруунуннегизги принциптери:

1) коомдук, жамааттык жана жеке кызыкчылыктардын биримдиги менен бирге коомдук кызыкчылыктардын үстөмдүгү;

2) экономиканын пландуулугу, системалуулугу жана пропорционалдуулугу;

3) экономиканы борбордук тармактык башкаруу менен жергиликтүү башкарууну жана ишканалардын чарбалык өз алдынчалыгын айкалыштыруу. Ишканаларды тармактарга бириктирүү жана жаңы өндүрүштөрдү аймактарда рационалдуу жайгаштыруу;

4)бардык чаралар менен эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, эмгекчилердинэмгек акы төлөмүн ишкананын ишинин жалпы жыйынтыгы менен өлчөмдөш кылуу;

5)эмгекчилердин эмгегине материалдык жана моралдык жеке кызыкчылык принцибин колдонуу. Эмгек жамааттардын ортосунда эмгек жарышын уюштуруу;

6)жетектөөчү жана чечүүчү участоктун жетишкен жыйынтыктарын бөлүп көрсөтүү жана  багыттоо, калгандарын кийин ага жеткирип теңөө принциби колдонуу;

7) жеке жетекчилик кылуу принцибине жоопкерчиликти күчөтүү менен өтүү. Мамлекеттик ишканаларда коллегиялык башкарууну жоюу. Жетекчиликке кызматка татыктуулук принциби мененталанттуу жана тажрыйбалуу өндүрүштү уюштургучадистерди көтөрүү.

8) эсепке алууну бардык түрдөгү ишканаларда текши колдонуу. Ишканаларга элдик көзөмөлдү киргизүү, аны мамлекеттик жана техникалык көзөмөл менен тыгыз айкалыштыруу;

9)үнөмдүүлүктү жана сарамжалдуулукту практикалоо. Мамлекеттик жана өндүрүштүк чыгымдарды кескин кыскартуу жана өнүмсүз чыгымдарга жылчыксыз бөгөт коюу;

10) “Ар кимден жөндөмүнө жараша, ар кимге эмгегине жараша”— деген социалдык адилеттүүлүк принцибин кармануу;

11) өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошкондорго урмат-сый көрсөтүү.

Эл, ак эмгеги менен байыган ишкерлерге каршы эмес жана өткөн замандагыдай аларды тап катары жок кылууну талап кылган жери жок. Алардын көбү каражатын өлкөнүн экономикасына инвестициялап, элге жумуш орундарын түзүп, салыгын төгүп мамлекетке киреше киргизүүдө. Бирок, алар топтогон көп дүйнөсүнө чиренип, ак сөөктөшүп эсирип, мамлекеттик бийликти толугу менен ээлеп же ага таянып, элди эзген капиталисттик тапка такыр айланып кетүүсүнө жол бербөө керек. Элдин жана капиталдын кызыкчылыгынын кескин айырмаланышы, бир жактан алардын элдешкис антагонизмин жаратса, экинчи жактан капиталга кызмат кылган мамлекеттик бийликке эзилген элдин массасынын нааразычылыгын жаратып, элди өз укугун коргоо үчүн капиталга жана мамлекеттик бийликке каршы күрөшкө чыгуу потенциалдуу мүмкүнчүлүгүн арттырат. Эгер, бийлик радикалдуу реформаларга барбаса, анда ал элди радикалдуу кадамдарга түрткөн болот.

“Конституциялык реформаларга али эрте”— деген негизсиз жүйөө менен аларды жүргүзүүнү кийинкиге созуу, колдонуудагы кемчиликтерге толгон Конституциянын алкагында шайлоо мыйзамына бир аз “косметикалык” өзгөртүү киргизип, алдыдагы парламенттик шайлоо өнөктүгүнө баягы эле көкөйгө көк таштай тийген капиталдын партиялык тизмеси менен шайлоого кайра баруу аракетин билдирет. Муну  менен капиталдын парламентти кайрадан түзүп, өзүнө кызмат кылган аткаруу бийлигин дайындап, натыйжада өлкөдөгү коррупция ооздукталбайт, өлкөнүн өнүгүүсү өрдөбөйт, эң башкысы элдин жашоо турмушу жакшырып кетпейт.

Биз партияларга каршы эмеспиз, болгону алардын элден тартып алып өздөрүнө ыйгарып алган бийлик жаратуучу укугу болбоого тийиш. Ал эми, капиталдын өкүлдөрү азыр эле өлкөдө конституциялык реформа жүргүзүүгө кескин каршы пикирин билдирип, бийликке басым жасоодо. Учурда, өлкөнүн коомдук-саясий түзүлүшүн өзгөртүү чечимин кабыл алуу көбүн эсе Президенттин тандоосуна жана анын эркине байланыштуу. Биз ага ишенебиз жана үмүт кылабыз.

Батышта өздөрү карманган “Демократиялык башкаруу системасы идеалдуу эмес, тилекке каршы мындан жакшы системаны адамзат али ойлоп таба элек”— деп коюшуп, кайра эле ошол системада жашоосун уланта беришет. Андай эмес. Кыргыздар, батыштын демократиясынан жакшы системаны илгери эле ойлоп таап жана ошол система менен өлкөнү, улутту ушул күндөргө чейин сактап, бизге жеткирип беришти. Ошондуктан биз, батыштын элге жат жана анын менталитетине ылайык келбеген либералдык демократиясына жана жалгыз рынок экономикасына эле жабыша бербей, чыныгы элдик бийликти орноткон, социалдык адилеттүүлүк өкүм сүргөн, өлкөнүн бардык багытта жана туруктуу өнүгүүсүн жана элдин бакубат жашоосун шарттаган коомду куруубуз зарыл. Ал үчүн, коомдук-саясий жана экономикалык реформа жүргүзүп, ата-бабаларыбыздын эл башкаруу ыйык тажрыйба-мурасына  ылайык, элдин кыргыз өлкөсүнө жана өзү түзгөн бийликке ээлик кылуусунун негизинде, курултай институту аркылуу мамлекетти чыныгы элдик демократиялык башкаруу системасын киргизүүбүз зарыл.

Эгер, Президент, капиталдын чынжырын үзүп коррупцияны ооздуктоону, өлкөнү өнүктүрүүнү, элдин жашоо турмушун татыктуу деңгээлге көтөрүүнү чындап кааласа, анда ал өлкөдө радикалдуу жана комплекстүү саясий, укуктук, экономикалык, социалдык жана руханий реформаларды камтыган элдик демократиялык салттуу башкаруудагы адилеттүү социалдык мамлекетти куруу үчүн конституциялык реформага кечеңдетпей баруусу зарыл.

“Жаңы доор” коомдук кыймылынын бул шарттарга толук ылайык келген даяр сунушу бар.

Кыймыл, бийликтин аракетин күтүп отура бербей, элге өлкөнүн коомдук-саясий түзүлүшүн өзгөртүүнүн зарылчылыгын, максатын, адилеттүүлүгүн, алардын мыйзамдуу укугун жанакүрөшүүнүн тынчтык жолун түшүндүрүүменен 300 миң адамдын колун топтоп, элдик демилге менен өлкөдө конституциялык реформажүргүзүүгө жетишүү аракетин уланта берет.

Абдурасулов Бөкөнбай,коомдук ишмер.

“Жаңы доор” коомдук кыймылы.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here