Домой Укук / Право Каны Ысаев: “Тилек Матраимов кетмейин биздин маселе чечилбейт”

Каны Ысаев: “Тилек Матраимов кетмейин биздин маселе чечилбейт”

2950

Мыйзам буйлаланган төөбү?

Акыйкат издеген папандыктар  өздөрүн өрттөгөнгө даяр…

Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Папан айылынын тургундары борборго  Жогорку сотко келишкен. Алар өздөрүнүн энчисине тиешелүү мыйзамдуу жер тилкелерине ээ боло алышпай, Бакиев заманынан бери кор болуп келишет. Алар Папан айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ысмаилов  Эрмаматтын үстүнөн арыз жазып, эки жылдан бери соттошуп келишет. Кечээ, 12-июнда акыйкат издеп келген айыл тургундарынын ыйын укпай,  Жогорку сот ишти 26-июнга жылдырды. Жолдун алыстыгын, жол киренин кымбаттыгын эске албай, каалагандай элди калчаган соттордун адамдын убалынан коркпогону жүрөктү оорутат.

Каны Ысаев: “Матраимов кетмейин  биздин маселе чечилбейт”

-Өзүм Папан айылына караштуу Кожо-Келең айылынын тургуну болом. 1997-жылы үйүмдүн алдынан суу чыгып, үйүм көчүп түшкөн. Ошол эле жылы ӨКМнын чечими менен Папан айыл өкмөтүнөн жер берилсин деген чечим чыккан. Андан бери 22 жыл өттү. Ушул күнгө чейин жер тилкесин ала албай, батирде жашап келем. Папан айыл өкмөтүнүн үстүнө арыз жазып  бара берип бутум тешилди. Айыл өкмөт башчы Ысмаилов Эрмаматка кирсем “пул бер, дароо жер бөлүп берем. Пулуң жок болсо жер да жок” дейт. Ороңдогонунан Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовго чуркаганымды кантейин, көрсө, экөө бир киши экен. Аны кийин билбедимби. Матраимов кетмейин биздин маселе чечилбейт. Анткени, Ошто бир да кызматкер Матраимовдорго каршы сүйлөй албайт.

Oper.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here