Домой Саясат / Политика Исаев менен Жумабеков Жээнбековдук кландын чачпагын көтөрүшүп…

Исаев менен Жумабеков Жээнбековдук кландын чачпагын көтөрүшүп…

385

Саткынчылыктын классикалык үлгүсү

Биздин коом саясатта өтө активдүү.Өзгөчө экс жана азыркы президенттердин саясий тиреши акыры келип эле биздин парламенттин чыныгы жүзүн ачып коюп жатат. Анын бир канча себеби бар. Экс-перзидент Алмазбек Атамбаев азыркы президент Сооронбай Жээнбековду ажо кылып алып келүү даярдыгын 2014-2015-жылдары эле көрүп, ириде парламентти колго алуу, саясий топту, кландык балансты кармоо демилгесин колго алган. Биздин билишибизче ошол учурда эле экс-президент Алмазбек Атамбаев ар бир партиянын ичиндеги кандидаттарга тыкыр көз жүгүртүп, ажолук укугун ашыкча пайдаланбаса да Жээнбековду бийликке алып келүү үчүн бар аракетин көрүп, ыңгайсыз депутаттыкка талапкерлерден алыс болууга аракетин көргөн. Себеби, жыйырма жылдан ашуун достукта жүргөн, чоң областын жетекчисин президенттикке өз партиясынан көргөзүү саясий маданият, жана турмуш зарылчылыгы экенин ачык билген. Сылап сыйпабай ачык айтканда азыркы парламенттеги депутаттардын бийликке келишине Атамбаев жол ачып, амирине алган. Бул коомчулукка жашыруун эмес. Тилекке каршы, саткынчылыктын классикалык үлгүсү пайда болгондо парламент азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун жолоюна түшүп, коомчулуктун сынына кабылып, «чимкирик» аталып келишсе эми сойку атала баштады. Кеп кезеги менен болсун. Кечээ парламенттин ыйык трибунасына туруп алып спикер Дастанбек Жумабеков «Атамбаев он миң киши менен бийликти алып коём дегенде жакамды кармадым» – деп жанын жеп жатат. Балким экс-президент ошентип ачуу аралаш айткандыр. Президенттик тактыга экс кандидат Өмүрбек Бабанов жыйырма миң киши чыгарып, Ала-Тоо аянтына Сооронбай Жээнбековдун колун толгоп,ак үйдөн кууп чыгам дегенде жакасын кармабай эле штаб башчысы Икрамжан Илияновдун кабылдамасында «Форум» имаратында отурганын ким кантип танат? Болбосо дал ушул Атамбаевдин, «Талас элин Сооробай Жээнбеков үчүн таарынтып алдым, Дастан Жумабековду төрага кылып коёлу» – деп жеке демилгелегенде жакасын кармабай эле сүйүнүп отурса керек. Азыркы спикердин «мени депутаттар шайлаган» дегенине ким ишенет? Ошол шайлаган депутаттарга тикелей көрсөтмөнү андагы администрация берип жүрбөсүн деген киши жок. Азыркы спикер көчөдө калаарында «Кыргызстан» партиясынын катарына коштуруп, 2000 добуш алганына карабай спикер кылып коюшу үчүн ириде Дастанбек Артисбекович «Раим миллионго» же Сооронбай Жээнбековго эмес, Атамбаев жана Бабановго ыраазычылыгын айтыш керек. Эгер эле спикер бул акыйкатты танса анда коомчулук «чимкирик» – деп туура эле баа берип жаткан болот. Ошону элес албай ага ини Жумабековдор биринен сала бири Раимбек Матраимовдорду мактап бүтө албай жатат. Кудай буюрса 2020-жылкы шайлоо босогодо турат. Дал ошондо таластык шайлоочулар сурап, алар инцидентке жол ачып койду.

Кечээ эле Чүйдүн тың чыкмаларына кошулуп, бир эле убакытта бир нече саясий кландар менен оюн жүргүзгөн, саясат үчүн жанындагы жакын досу Шаршенбек Абдыкеримовду “кидать” этип, анын «Кыргызстан» партиясын тартып алган Канат Исаев феноменине токтололу. Биздин саясатта эле эмес дүйнөлүк практикада кадр өстүрүү тажрыйбасы бар. Атамбаев да жаш, перспективдүү кадр деген ойдо, анын үстүнө Чүй аймагынан чыккан жаш жигит катары карапайым Канатбек Исаевге жылуу карап келген. Жылуу караганы ушундан, Токмок шаарында мэр болуп иштеп турганда мамлекеттик обьектилерди жеке тараптарга сатып жибергени үчүн учурунда иш козголгондо экс-президент канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай сактап калган. Алмазбек Шаршенович дал ушул Канатбек Исаевдин айынан бир канча жыл үзөңгүлөш болуп, ысык-суукта чогуу жүргөн, ага-инилик мамилеси өтө жакын, андагы Башкы прокурор Кубатбек Байболов менен жаман жакшы айтышкан жайы бар. Канатбек Исаевди тарбиялап таптоо үчүн экс-президент Алмазбек Атамбаев көпчүлүк коалициянын лидери, стратегиялык аймак катары саналган Чүй областынын башчылыгына чейин көтөрмөлөдү. Акырында келип, партия түзөлү деп сунуш киргизгенде ага да жок дебей, 40 күн ичинде түзүлгөн партиясынын парламентке алып келүүгө кыйыр түрдө кол кабыш кылды. Ага ыраазы болбогон Канатбек Исаев парламент ичинде оюндарды жасап, бирде Текебаевге, бирде Бабановго жакындап жеке мүдөөсүн канааттандырып жүрдү. Ошол кездеги ажого «Бул Бабановду сатып кеткен, сизди тез эле сатат» дегендерге ишенбей, келечектеги премьер-министр катары карап келген. Дал ошол учурда Атамбевдин демилгеси жана сунушу менен президенттик тактыга Сооронбай Жээнбеков талапкер болгондо ички кызгануу сезими жана жеке өч алуу максатында андагы бирдиктүү КСДП командасына каршы кутум уюштурган. Ачык эле ала кушту атынан айталы. Канатбек Исаев Бабановдон акча алып, массалык башаламандык уюштурууга жана президенттик добушту сатып алууга аракеттенген кылыгы үчүн камалган. Атамбаев Исаевдин бул кылыгын кечире алган жок. Эми болсо Исаев Жээнбековдук кландын чачпагын көтөрүп, ириде киши катарына кошкон Атамбаевге акаарат келтирип жатат. Бул жигиттик сапат тургай, кол бергис, өзү сыйлаган адам учурашкыс кадам. Керек болсо Исаевдин кадамын “сойку”  да жасабайт. Байкадыңыздарбы биздин Жогорку Кеңештин анык жүзүн?

Oper.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here