Домой Маек / Интервью Иса Өмүркуловдун максаты тээ башынан бери эле президент болуу…

Иса Өмүркуловдун максаты тээ башынан бери эле президент болуу…

297

Алга Кылычов, СДПК партиясынын Нарын облусу боюнча координатору:

Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жазып, КСДПнын мүчөлөрү кысымга алына баштаганын коңгуроо кылып каккан, Алга Кылычов менен байланышып, айрым суроолорго жооп алдык.

-Алга мырза, сиз жана партиялаштарыңыз КСДПнын мүчөлөрүнө болгон кысымды жар салганыңыз менен аны жокко чыгарууга аракет кылып жатышат го?

-Бул өтө жаман көрүнүш. Илгери Бакиевдин заманында шайлоо күндөрү гана укук коргоо органдары кысымга алып, шайлоо жыйынтыгын бурмалап келишсе, азыркы мезгилде  мыйзамдуу партиялык жыйындарга тоскоолдук жаратууга аракет кылып жатышат. Чынында мындай кылууга укуктары жок эле.  Өткөндө Бакиевдин катасынан сабак алышпай коркутуп коюу максаттары ишке ашпай калганда, актанууга өтүштү. Бул нерселер жакшылыкка алып барбайт. Негизи мындай жагдай жакшылыктын симптому эмес.

-Президенттин дарегине кайрылуу жазып, социалдык тармак аркылуу жарыяладыңыз. Эми кысым мурдагыдан да күчөп кетпейби?

—  Мен президентке партиялашы катары чындыкты айтып кайрылуу жасадым, партиялык ишмердүүлүккөтыюу салуу мыйзамды тепселегендик. Анда партиялык ишмердүүлүктү кылууга болбойт деген мыйзам чыгарышсын. Мен мындай кодулоону бүгүн өз керт башымдан өткөздүм. Мен бүгүнкү күнү КСДПнын Нарын областы боюнча координаторумун, 6-апрелде өтчү съездге  даярдык көрүп  жүрөм. Мен барган жердеги биздин партиянын  мүчөлөрүнө УКМК жана ИИМден, акимияттан телефон чалып башташты. Мени менен жүргөн жигитти Бишкек шаарынын 10-бөлүмүнөн, мени Жайыл районунун  10-бөлүмү издеп жатканы маалым болду. Бул нерсе өтө уят жана жосунсуз жорук.

-КСДПны тарыхы бар партия болгон үчүн тартып алууга аракет кылып жатышабы же таасирдүү партия болгон үчүн көз артып жатышабы?

-Мынча болду  ачык эле айтайын. Мурда Бакиевдин үй бүлөсү бизнес тартып алууну өнөкөткө айлантса, бүгүнкү  бийлик  партияны, коомдук бирикмелерди ачык эле рейдерлик жол менен тартып алуу аракеттерине көз жуумп, тымызын жардам берип жатканы Бакиевдин мыйзамсыз иштеринен алда канча  ыплас жорук болуп баратат! Булар канчалык Атамбаевди каралоого, ал түптөгөн партияны тартып алууга аракет кылган менен ал кишинин  ниети ак, жасаган иши туура экенин эл биле  баштады. Буга чейин Сооронбай Жээнбековду курчап алган адамдар,“жаңы шайлаган президентти Атамбаев чүлүктөп алгысы келди, иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей жатат, эл аралык мамилени бузуп салды” — деп айыптап келишти. Сооронбай Шариповичтин бийликке келгенине  бир жарым жылдан  ашты. Эки дос сүйлөшпөй калды. Кана өлкө жыргап кеткени? Кана дыйкандар эккен картошка, алма, азык-түлүктөр алыскы өлкөлөрдү тим койолук жакынкы Өзбекстан менен Казакстанга сатылып, дыйкандардын жыргаганы? Жогору жактагылар Атамбаевдин партиясын тартып алууну, аны каралоону токтотуп андан көрө өлкөнү өнүктүрүүнү ойлошпойбу? Беш жыл да  өтөт. Анан  почтальон Печкин күнөөлүү болобу?

-Экс-президент Алмазбек Атамбаев партияны өткөрүп береби же партияны талашкандардын колкосуна сөөк болуп тыгылабы?

-КСДП  партиясы карьерист, саткын, адашкандардан арылып, тазаланып, чындап күч алганын көрүп, эптеп эле 2020- жылкы парламенттик шайлоодон четтетүүгө аракет кылып жатышат. Алардын андай  планы  ачык эле байкалып калды. Кандай болот аны убакыт көрсөтөт.

Атамбаев сөзүнө туруп, партияны өткөрүп берет. Бийликти кандай өткөрсө, партияны да ошондой тынчтык жолу менен партиянын ишин эптеп кете тургандарга өткөрүп берсем деген аруу тилеги, кыялы бар. Бирок, партияга көз артып, сугалактанып тартып алууну көздөгөндөргө эмес, жаштарга өткөрүп берет. Азыр саясатта жаш, курч кадрларды таптап жаткан чагы. Буюрса, мына ошолордун бирине өткөрөт деп ойлойм.

-Иса Өмүркулов эмнеге Атамбаевден мурда партиянын съездин өткөрүүгө ашыгып жатат?

-Иса Өмуркулов да, Сагынбек Абдрахманов да президент болсом деген башынан амбициясы бар адамдар болчу. Булар жандарынан коркуп бийлик менен бирдикте партияны тартып алуу аракетин жасап жатышканы ачык эле байкалып калды. Өз жандарын арачалоо үчүн жалпы мурунку партиялаштардын тагдырына, кадырына түкүрүп жатышат. Өздөрү партиядан чыгып калганы үчүн жана президенттикке аларды  колдобой койгонубуз үчүн жалпы партиялаштардан өч да алып жаткандай.

-Иса Өмүркулов 3-апрелдеги партиянын жыйынына “баарын чакырам, келип катышсын, ойлорун ошол жерден айтышсын” деди го. Барасыңарбы?

-Иса Өмүркулов кантип чакырат? Ал биздин партиядан чыгарылган да. Жөн эле бет тырмоочулуктун эмне кереги бар? Мыйзамсыз жыйынга барып убакыт коротуунун кажети жок да. Ошон үчүн барбайм.

Өч алуунун арты эмне менен бүтүшү мүмкүн? Атамбаев менен Жээнбековдун тирешинен пайда чыгабы?

-Булар чогулупалып,  азыркы Президентти аңга түртүп жатышат, Атамбаев жолугуу жана элдешүү үчүн кадамдарга барган. Керек болсо биз да ортого түшүп экөөнү жолуктурууга элдештирүүгө аракет кылганбыз. Эмнегедир президенттик аппарат Сооронбай Шариповичтин убадасын аткартпай койгон. Аны  тарых үчүн айтып коюшум керек. Буга чейин Атамбаевге кандай оор жагдай жаралса,  эми ошондой абал кээ бир интриган адамдардын айынан Шариповичке да  жакындап келе жатат.

-Жаңы бийликтин кызматка киришкенине 1, 5 жылдан ашык убакыт өттү. Сиз ушул аралыктарда мамлекетибиз  кандай жагына жылыш болгонун  байкай алдыңыз?

-Атамбаев менен С.Жээнбековду кагыштырып,Атамбаевди андан соң Жээнбековду жоготуу планы бар адамдардын кылган аракети канчалык бир деңгээлде ишке ашып баратат. Мен ар дайым факт менен,калыс оюмду айтканды жакшы көрөм. Балким С.Жээнбековдун ою,ниети жакшыдыр? Бирок аны курчап алган адамдардын ою түз эмес экени билинип калды. Алар арзыбаган нерселерди айтып, коомдук пикир жаратып, Атамбаев жана анын тегерегин мокочо көрсөтүп келишти. Арадан бир жарым жыл өттү. Эми ошол адамдарга суроо? Атамбаев менен Жээнбековдун мамилесин буздуңар? Атамбаев таасирин тийгизмек түгүл бир жылдан ашык сүйлөшпөй калды? Кана инвестиция жана чоң долбоорлор? Кана мамлекеттик мамилелер оңолуп, Кыргызстандан өндүрүлгөн продукциялар эч тоскоолсуз кошуна мамлекеттерге сатылып жатканы. Коррупция жоюлса Транспорт министринин орун басары 500миң доллар  алып кармалат беле?

-Баса, кызматыңызды тапшырыпсыз. Мындан аркы кадамдарыңыз кандай болот?

— Мындан аркы кадамдарым апрель революциясынын максаттарын ишке ашыруу, сүйүктүү мамлекетибиз үчүн кызмат кылуу. Буюрса,  2020-жылы парламенттик шайлоого катышууга бел байладым.Мамлекетибиздин өнүгүп өсүшү үчүн, жалгыз мыйзамдуу жана демократиялуу жол бул таза шайлоо менен бийлике келүү. Мыйзам чегинде, конституциялык укугуман пайдаланып саясий күрөшкөкатышам деп турам.

Oper.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here