Домой Маек / Интервью “Иса Өмүркулов өзүнүн керт башын сактап калуу үчүн жанталашып жатат. Ал курал...

“Иса Өмүркулов өзүнүн керт башын сактап калуу үчүн жанталашып жатат. Ал курал болгонун кеч түшүндү”

99

Алга Кылычов, коомдук ишмер:”

КСДПнын белдүү мүчөлөрүнүн бири, Нарын облусу боюнча партиянын координатору  Алга Кылычов менен баарлаштык.

Алга мырза, президенттин парламенттин жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүнө канааттандыңызбы?

-Чынында Президенттин сөзү мага  өкмөттүн эле отчётун бергендей таасир калтырды.  Мен чынында президенттен чоң долбоорлор ишке ашканы жатат. Кыргызстан бул багытта өнүгүүгө кадам таштайт. Мамлекетте мындай өзгөрүү болот деген сөздү күткөм. Тилекке каршы, майда маселеден, майда сөздөн өйдө боло алган жок. Президенттин бүгүнкү сөзүнөн парламенттик башкаруу эмес президенттик башкаруу болгону далилденди. Үй бүлөлүк президенттик башкаруу орун алганын айгинелегендей болду.

«Бир гана Кудайдын алдында, элдин алдында гана карызым бар. Башка эч кимге карызым жок», — деп билдирди го. Ал бул сөзү менен эмне айткысы келди?

 -Президенттин, “Бир гана Кудайдын алдында, элдин алдында карызым бар” дегени, мага  “мени колдоп келгендердин эмес, Райим миллион, туугандарым  жана  кудаларымдын астында карызмын”   дегендей элес калтырды. Мага ал, элим деп Райым миллонду жана үй бүлөсүн айткандай эле болду. Эгер кылган иши таза болсо, ага жалган жалаа жукпаса  эмне үчүн Райым миллионду жазага тарткан жок? Эмне үчүн казак чек арасында жүктөр  айлап,  посттон өтпөй турат? Атамбаев, “кеч түшүнүп калдым” — деп айткандай, шайлоонун астындагы 30 миллион доллар кайдан чыкты? Иниси Асылбек Жээнбеков ачкан  кошумча штабдарга каражаттар каяктан табылды?

Президент  Алмазбек Атамбаев койгон дооматтарга жооп бериш үчүн эле парламенттин жыйынына келгенби деген ойду айткандар да пайда болду го…

-Мага негедир Бакиевдин бийлиги аяктап калганда актанып аткандай эле элес калтырды. Ал кезде Бакиев Данияр Үсонов аркылуу оппозицияга жооп берсе, бул жолу өзү жооп бергендей эле болду.

-Алга мырза, кептин нугун кечээ жакында эле съезд өткөргөн КСДПга буралы. КСДП жаңы курам, жаңы саясий кеңеш менен күчтөнүп, тазаландыбы же дөө-шаалар чыгып кетип, алсызданып калдыбы?

— Албетте тазаланды! Ар тармактуу күчтөр менен толукталды! Мисалы, байлык-бийлик үчүн жүргөн көп сандагы депутаттардан көрө, Момбеков, Карамушкина, Артыков, Кодураңова сыяктуу күчтүү депутаттар менен толукталышы, күчтүү, аз анан саз болгон депуттатар менен алмашылганы  сүйүндүрөт.

-Азыркы  бийлик 2020-жылкы парламенттик шайлоодо КСДПга бут тосуп, баштагыдай таасирдүү партия болушуна жолтоо болуп, “карлик” партия кылып койбойбу?

-Асылбек Жээнбеков партиядан чыгып кеткени да  ушундай болооруна  кепил болгондой сезилет. Себеби, Асылбек Жээнбеков башка партия түптөп атканын эл айтып жатат. Партия түптөгөнүнө кымындай да ич тардыгым жок. Бирок ал өткөндөн сабак ала албаган, мурдунун учунан алысты көрө албаган алсыз саясатчы экенине аргам жок ынанып отурам. Себеби, мындай жасалма куурчак партиялар “Алга Кыргызстан”, “Ак жол” партияларынын  тагдырын кайталап калаарын эсинен чыгарып, бийликке манчыркап жатышат. Ошон үчүн  алар  Атамбаев менен КСДПны  бутка чалынган уйгактай көрүп, алсыз кылып, маани бербей  таштап коюуга аракет кылышат.

Бирок, биз дагы партияны күчтүү, таасирдүү кылууга болгон күчүбүздү, мүмкүнчүлүгүбүздү жумшайбыз.

-Фарид Ниязов неге КСДПнын саясий кеңешине мүчө болгон жок?

— Фарид Ниязов чындап жаңы элита жана жаштарды колдоорун далилдеди жана саясий кеңешке кирбеген кадамы  менен Асылбек Жээнбековго татыктуу жооп берди. Ал саясий кеңештен баш тартканы эл үчүн иш кылам десең мандатыңдан баш тарт дегендей  жооп кылды.

Партияда дагы, фракцияда дагы ажырым күч алганы сокур кишиге деле байкалып, көрүнүп калды. Ал турсун КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгыш керек деген маселе ачыкка чыга баштады. Эми КСДП коалициядан чыгыш керекпи же май токочтон айрылып калабыз деп укмаксан, билмексен болуп отура бериши керекпи?

-Бул жагдай  президентке өз эркин көрсөтүүгө  шарт түздү.  Өзү бүгүн айткандай, бир ууч кошоматчы коалиция эмес, башка иштейм деген бөлөк коалиция түзүшү керек! Болбосо бул сөзү шайлоо алдындагы, мугалимдердин айлыгын көтөрүү  жана 35 коррупционердин аты жок курулай списогундай калп сөз болуп калат.

КСДП төрдү бошотсун, Атамбаев бийликти байма-бай сындап жатат. Анын коалициясы кураган өкмөттүн иштөөгө моралдык укугу жок. Өкмөт  отставкага кетсин деген дооматтар арбын айтыла баштады го. Бул дооматтар  жөндүү элеби?

-Албетте, жөндүү эле ал тургай өз учурунда айтылып жатат. Бул  учур талабы! Куурчак Өкмөт эмес чыныгы Баш мыйзам менен иш алпара турган үй бүлөлүк башкарууга моюн бербеген Исаковдой,  Райымдан да элдин кызыкчылыгын жогору  койгон көз карандысыз Өкмөт керек.

Партия, фракция ыдырап, бөлүнүп жатса, Иса Өмүркуловдун көпчүлүк коалициянын башында турганга моралдык укугу барбы?

-Иса Өмүркулов алданып, курал болуп калганын кеч түшүнүп калды. Ал азыр өзүнүн керт башын сактап калыш үчүн жан далбастап жаткан чагы. Чынында аны лидер деп эч ким санабайт. Керек болсо коалициядан чыккысы келбеген депутаттар да лидер деп сыйлаганын эч ким байкаган эмес.

«Ачык саясат плюс»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here