Домой Аналитика Иса Өмүркулов менен Сагынбек Абдырахманов КСДПнын лидерлигин талаша баштадыбы?

Иса Өмүркулов менен Сагынбек Абдырахманов КСДПнын лидерлигин талаша баштадыбы?

1009

Маскарапоздордун заманы

Бизде бийликтин унчукпаган макулдугу менен ага жагынгысы келген пенделер, тагыраак айтканда, эптеп бир кызматка жетишип калууну көксөгөндөр алардын камчысын бдан чаап атышат. Мисалы, аты жакшы иштери менен эмес, жалаң жагымсыз чуулган менен таанымал болгон Сагын Абдырахманов аттуу адам учурда КСДП партиясын (ачык эле айталы) Атамбаевден аны айдактаган кожолоруна тартып берүүнү көптөн бери көздөп жүрөт. Бул максатта «Атамбаев жок КСДП» деп аталган кыймыл сөрөйүн уюштуруп алып, элдин мээсин айландырып келет. Чындап келгенде, бул кишинин акыл –эси деле чектелүү окшобойбу деген ой келет, антпесе бир туруп бирди айтып, артынан эле айткандарын кайра жокко чыгарып далбастаганына караганда, муну бирөөлөр жанагы жипке байлап алып тиякка бир, биякка бир сырактатып ойнотчу чий куурчактай башкарып турганы көрүнүп турат. Бирок бул кишиде намыс деген, элдин астында уят болуп калам деген ой ныпым жок окшобойбу.

Бир айдай мурда эле жер – суунун баарына: «Асылбек Жээнбеков менен жолуктум, биздин демилгени колдоп жатат» деп жарыя кылып жиберди эле, анан эле кечээ жакында жүз сексен градуска бурулуп, мурдакы айтканынан таптакыр баш тартканын угуп, элдин баары жерге түкүрдү. «Жээнбековдордун иши ушуга калса, анда аларыңдын деле ахыбалы дурус эмес экен» дегендер көп.

Бир кезде муну бооруна тарткан Атамбаевге ыракмат, көрсө, булар айылдаштар турбайбы! Депутат кылып, «Кыргызалтын» деген килейген ишканага орун басар жетекчи кылыптыр, алтургай, Чүй облусуна губернатор болгонго чейин жетиптир кайран Сакең. Бирок эч жерден ооматы жүрүшпөй, барган жеринен шыпырылып түшө бериптир, анткени ишин тарта алган эмес!

Обу жок кишиге айла жок, КСДПнын катарына кирген соң, анын мүчөсү катары партиянын Уставына баш ийиши керек болчу, бир максатка чогуу умтулуш керек болчу. Бирок «жамандын бир адаты — жата калып ат үркүтөт» болуп, 2017-жылкы президенттик шайлоо учурунда партия көрсөткөн талапкер – азыркы президент Жээнбековду колдоодон баш тартып, президент болгонго өзүм татыктуумун деген, бир жери менен иши жок дымактуу ой менен көпчүлүктөн бөлүнүп чыга качкан. Ошондо эсибизде, Сакең гезиттерге улам маек куруп: «ыйык Сулайман тоого чейин барганын, ал жактан ага президент сен өзүң болосуң деген аян түшкөнүн» жана башка ушундай сандырак кепти айтып, өзүн өзү шыктандырганын окусак керек эле.Анан талапкерлигин койгондон кийин акырына чейин турбай, ошондо да «шайлоо таза өтпөйт» деген шылтоо менен талапкерлигин алып салып, Темир Сариевке ыктаган эле. Анан да ошондо маек кура калып: «эгерде талапкер болгонумда, анда Жээнбеков экөөбүздүн ортобузда олуттуу күрөш жүрмөк» деп кыйынсынып, өзүн асманга көтөрө чалып, күлкүнү келтиргенин кантесиң. «Көк байтал миңген сергексийт, көгүчкөн аткан мергенсийт» деген накыл ушундайлар туурасында айтылган эмес бекен, чиркин.   

Мындай бейбаш мүчөнү партия анан башынан сыламак беле, тартип бузганы үчүн иттин арткы шыйрагындай кылып партиядан кууп чыгышкан, ошону менен ай –талаада калып, иши биротоло бүткөндөй болгон.  Аргасы куруп турган Сакеңе Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы ажырым майдай жагып, туюкка кептелген таштай жолун ачып, келечекке үмүт бергенсиди: кечээки агасы, бүгүнкү душманы Атамбаевдин партиясын Жээнбековдорго тартып берүүгө баш оту менен шымалана киришти, үч –төрт айдан бери акыбети кайтар деген зор үмүт менен чуркап атканы ошол. Айтор, «өз агасын агалай албаган, башканын агасын сагалайт» деп даанышман кыргыз бабаң айткандай, кечээ эле Алмазбек Шаршенович деп лепилдеп турган Сакең бүгүн анын номур биринчи душманына айланды да калды. Анысы аз келгенсип, мыйзамсыз кыймыл уюштуруп, мыйзамсыз иштерге барып атса да биздин таң калганыбыз — бийлик тараптан, не бир тийиштүү кызматтар тараптан туура эмес кылып атасың деп мунун чылбырын тартып койгон эч ким болбой турганы. Баса, эмнеге эле бул адам КСДПга жабышты да калды? Өзү айтып келаткандай, аны жактоочулар, аны колдогондор көп болсо, анда өзүнчө башка партия түзүп алып кыйын боло бербейби? Ким буга тоскоолдук кылып атыптыр? Бул айтпаса деле түшүнүктүү да, Атамбаевди жаманатты кылуунун алкагында жүрүп жаткан иштердин бири. Азыркы бийлик муну Сагынга окшогон күлү бир жерге додолонбой, ары – бери камгактай тебилип, томолонуп жүргөндөрдүн колу менен жасагысы келип атпайбы… Атамбаевди партиядан партиялаштары өзүлөрү кубалап чыгышты деп айтканга ыңгайлуу эмеспи.

Угушубузга караганда, Сакеңдин тагдыры арсар, убактылуу жашоого уруксат берилген кыймылы КСДПнын баланчанчы съездин өткөрүүгө кам уруп калыптыр. Эмне экен, өткөрө берсин, маа демектен, ай сайын өткөрсүн. Ал жакка кимдер барып катышаары бештен белгилүү – баягы эле таарынгандар, партиядан айдалгандар, Атамбаевге тиш кайрагандардан башка кимдер бармак эле… Баса, кыйраткан кадыр баркы бардай, аптарыйкатыбызга көө жапты деп экс-президент менен соттошуп жүргөн ууру коррупционерлер да кошулаар. Кептин кызык жери, партиянын съездин өткөрчүлөрдүн арасында ошол партиянын — КСДПнын бир да мүчөсү жоктугунда, демек, ага эч кандай тиешеси болбогонунда. Мындайча айтканда, кимдер экени белгисиз, бир ууч адамдар чогулуп, өзүлөрүн КСДП партиясыбыз деп атап алышып, элдин башын тумандатып атканында. Баса, өлө элек аюунун терисин талашкан өңдүү булардын оюндагы «келечектеги КСДПнын» лидерлигин эки эргул – Иса Өмүркулов менен Сагын Абдырахманов эмитен талаша баштады көрүнөт: анткени Иса коомчулукка өзүнүн съездин өткөрүүнү жар салды, бирок аны КСДПнын съезди деди. Эске сала кетели, Иса Өмүркулов да КСДПдан куулган. Эми бул эки куурчакты кимдер кандай ойнотуп атканын бир шайтан билбесе, же балким, ак менен көк үйдөгүлөр билет чыгаар, айтор, бизде ушундай бир куунак жашоо, атаңгөрү… Мындай жашоо биздин Кыргызстанда гана болсо керек.

Oper.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here