Домой Саясат / Политика Индира Жолдубаеванын атынан таратылган жалган маалыматтын артында атамекенчилер турабы?

Индира Жолдубаеванын атынан таратылган жалган маалыматтын артында атамекенчилер турабы?

476

Telegram деген интернет сайт бар. Бул сайттын дайын-дарегин эч ким билбейт. Ким каалаганын жазып, карандай калптарды чыгара берет. Бир жылдан ашык убакыттан бери ушул сайтка экс-президент Алмазбек Атамбаевди каралаган жалган маалыматтар жарыяланып келет. Кээде анын жакындарынын атын жамынган калп маалыматтар берилет. Бирок илим-билимдүү адамдар бул сайттын маалыматтарына ишенбейт. Бүгүн мурдагы Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын атынан дал ушул сайтка Алмазбек Атамбаевди Дача-СУ кырсыгына байланыштырган маалымат тарады. Аны бийликтин жүзүн жашырган троллдору менен фейктери, ал гана эмес Атамбаевге көз-карашы түз эмес аттуу-баштуу эле адамдар ызы-чуу чагым кылып таратышты. Ал гана эмес ЖКнын атамекенчи депутаты Каныбек Иманалиев ушул сайтка таянып парламентте сүйлөп чыкты. Мындан улам бул жалган маалыматтын артында атамекенчилер турабы деген ойлор коомчулук арасында айтыла баштады. Ал эми Индира Жолдубаева бул жалган маалымат экенин, ал эч кандай сайтка интервью бербегенин билдирди. Ошондо Каныбек Иманалиев парламентте жалган маалыматты сүйлөп чыкканы үчүн жоопкерчилик тартабы?

Oper.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here