Домой Коом / Общество ИИМдин Республикалык окуу борборунда ачык сабактар уюштурулду

ИИМдин Республикалык окуу борборунда ачык сабактар уюштурулду

60

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору тарабынан, Бишкек шаарында жайгашкан Орто кесиптик окуу жайларында окуу процессин мамлекеттик тилде жүргүзүүнү жакшыртуу жана мугалимдердин тажрыйба алмашуусун ишке ашыруу максатында, 
2018-2019-окуу жыл ичинде, орто кесиптик окуу жайлардын базасында ачык сабактары уюштурулган. Ачык сабактар, алдын ала түзүлгөн графиктин негизинде Бишкек шаарында жайгашкан жогорку окуу жайларында жана орто кесиптик окуу жайларында өткөрүлдү.

Аталган иш-чаранын алкагында, 2019-жылдын 30-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ж.Ш. Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунда 5 ачык сабак өткөрүлдү. Ачык сабактар, “ИИОда иш-кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүү”, “Кылмыш-жаза укугу”, “Дене тарбия даярдыгы”, “Ок атуу даярдыгы” жана “Объектилерди кайтаруу тактикасы” сабактарынан өткөрүлдү. Өткөрүлгөн ачык сабактарына Кыргыз 
Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү жана Орто кесиптик окуу жайлардын мугалимдери катышышты. Жалпысынан – 24 киши келип, ачык сабактарга киришти. Ачык сабактар бүткөн соң келген коноктор сабактардын мамлекеттик тилде өткөрүлүшүнүн сапатын талкуулашты. Кызуу 
талкуунун жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Ибраимова Гүлнара Үмөтбековна, милиция мектебинде окуу процесси мамлекеттик тилде жүрүп жаткандыгы жогорку деңгээлде экендигин белгиледи.

ИИМдин Республикалык окуу борбору

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here