Домой Укук / Право Ички иштер министрлигине материалдык-техникалык жардам көрсөтүлөт

Ички иштер министрлигине материалдык-техникалык жардам көрсөтүлөт

55

2019-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, коомдук коопсуздук министри Чжао Кечжи эки тараптуу кызматташуу меселелери менен аны мындан ары өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашкан. Талкуудан кийин Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Кытай Эл Республикасынын ортосунда “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлигинин ортосунда кайтарымсыз негизде 30 миллион юанга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине материалдык-техникалык жардам көрсөтүү жөнүндө” протоколго кол коюшкан.

Бүгүн, 2019-жылдын 3-июнунда “Шумкар” АБПнын плацында министр Кашкар Жунушалиев, Кытай Эл Республикасынан келген автотехникаларды (автобус, кичиавтобус, жолунаалар, брондолгон полициялык автоунааларды) карап чыкты. Министр, жогорудагы кайтарымсыз негизде берилген материалдык-техникалдык жардамдар Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоо, анын ичинде Шанхай 
Кызматташтык Уюмунун мамлекеттеринин башчыларынын саммитин өткөрүү маалында кызмат өтөөнүн деңгээлин жогорулатууда маанилүү ролду ойнойт, деп билдирди.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев Кыргыз Республикасынын ИИМдин борбордук аппаратынын өздүк курамынын саптык кароосун өткөрдү. ИИМдин салтанаттык иш-чарасы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимндин коштоосунда Мамлекеттик тууну көтөрүү менен башталды. Ага ИИМдин борбордук аппаратынын бардык бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен өздүк курамы катышты. Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилиги тарабынан өздүк курамдын сырткы көрүнүшү, кызматы жана наамына жараша маалыматтардын ылайыктыгы боюнча кызматтык документтердин, кызматтык күбөлүктөрдүн, жеке номурлары менен төш белгилеринин, жетондордун бардыгы текшерилди.

Аталган иш-чаранын максаты ички иштер органдарынын өздүк курамынын саптык даярдыгынын жөндөмдүлүүктөрүн өнүктүрүү, кызматкерлердин сырткы үлгүлүү көрүнүшүн жана ыкчам-кызматтык тапшырмаларды аткарууда күжүрмөн даярдыгын колдоо болду.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, ар бир милиция кызматкери ар дайым калктын көз алдында болоорун, анын жүрүм-турумунан жалпы милициянын кадыр-баркы көз каранды экендигин айтып, эстен чыгарбай жүрүүлөрүн талап кылды. “Ар дайым өзүнүн сүйлөө маданияты менен сырткы келбетине көңүл буруп, формасын кийүү эрежесин так аткаруу менен тыкан болуш керек. Ар бир кызматкер жарандар менен баарлашууда сылык болуп, алардын арыздары менен кайрылууларына калыс мамиле кылып, балдарга, аялдарга жана кары адамдарга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Андан сырткары, бизге Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекеттеринин башчыларынын саммитин өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча чоң жоопкерчилик 
жүктөлгөн”-деп министр баса белгиледи.

ИИМдин Басма сөз кызматы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here