Домой Маек / Интервью Гүлзат Мамытбек: “Колундагы тапанчасын чекеме такап…”

Гүлзат Мамытбек: “Колундагы тапанчасын чекеме такап…”

1266

-Гүлзат айым, кепти Талант мырза менен таанышкан күнүңүздөн баштасак?

-Талант экөөбүз бир айылда жашап, бир мектепте окуганбыз. Менден алты жаш улуу. Талант мектепти бүтүп, шаарга окууга кеткен. Жайында айылга келип ата-энесине жардам берчү. Окуумду ийгиликтүү аяктап, шаарда окусам дегенде эки көзүм төрт эле. Ошол маалда Талант экөөбүз айылдаш дос катары сүйлөшүп калдык. Бат эле тил табышып кеттик. Алты айдай кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Кийин ортобуздагы байланыш үзүлүп, Талант башкага баш кошту.

Мен шаарга келип окууга тапшырдым, тил үйрөндүм. Активдүү студенттеринин сап башында туруп, ар кандай иш-чараларга катыша баштадым. Ата-энем «кыздын барар жери күйөө, турмушка чыгышың керек. Жашың өтүп баратат» дей башташты. 2006-жылы казак жигит менен таанышып, экөөбүз жакшы сүйлөшүп кеттик. Мүнөзү жумшак,  көп сүйлөбөгөн токтоо жигит эле. Ата-энеси менен тааныштырган соң дароо куда түшүп келишти. «Кыз каадасы менен барктуу» демекчи, кыргыз-казак элинин каада-салты менен турмуш жолуна аттандым. Кайын журтум иштин көзүн тапкан чириген байлар эле. Жолдошум менен алты ай жашаган соң анын наркоман экенин билдим. Өкүнүчтүүсү, баңгинин даамын таткан адам оңой менен баңгини таштай албайт. Ошондо «мен балалуу болушум керек, бирок, баңги колдонгон адам менен өмүр сүрүп, дени сак бала төрөй аламбы» деген суроого жооп таба алган жокмун. Алты айдан кийин экөөбүз эки ажырым жолго түштүк. Ата-энем көпкө чейин ажырашканымды жашырып, тууган урук, жоро-жолдоштон уялып жүрүштү. Сөздөн сөз чыгып, баары ачыкка чыкты. Турмушу бузулган кызды колдогондун ордуна сөөмөйү менен көрсөтүп, табалап калышат. Ошол кезде «күнөө жолдошумда эмес, күнөө менде. Чыдап жашаганымда ата-энем уят болбойт эле. Баарына мен күнөөлүмүн» деген ой менен жашап калдым. Депрессиядан чыгуу үчүн баш отум менен жумушка кириштим. Иштин көзүн таап алган соң  «High Times»  окуу борборун ачтым. Көп өтпөй Жалал-Абад менен Ошко филиал ачып, Ошко атамды, Жала-Абадга апамды жетекчи кылып койдум. Өзүм боордош казак туугандар менен келишим түзүү үчүн Алматыга келдим.  Ишим оңунан чыгып Астанадагы ишкерлер менен келишим түздүм. Студент кезден кыялданган машинемди алдым. Ошол кезде апам «кызым, аялдык бакыт деген башка, турмушка чыгышың керек. Бирок, атаң экинчи ирээт башка улутка бербейт, кыргызга гана турмушка чыгасың» деген талап коё башташты. Макул, бирок кимге турмушка чыгам? деген суроого жооп таба албай койдум. Ата-энем, «Талант менен сүйлөшүп көр, жакшы жигит» — деп кыйнай башташты. Ошол маалда Талант аялы менен ажырашып, жол таппай турган кез экен. Ата-энемдин көңүлү үчүн деп Талант менен жолуктум. Бирок, биринчи жолугушууда эле Талант меники эместигин түшүндүм. Жок, мен Талантка турмушка чыкпайм деген чечим кабыл алдым. «Апа, Талант менен турмуш кура албайм, экөөбүздүн жашап кетээрибизге көзүм жетпейт» десем, апам «кемчиликсиз адам болбойт, көнүп кетесиңер. Талант жакшы бала, ошол балага турмушка чыгасың» дей башташты. Талант мага сүйүүсүн арнап, менсиз жашай албаарын айта баштады. Балким мени сүйгөндүр, бирок ал адам мени эч качан түшүнө алган эмес. Сөздөн сөз чыгып Путиндин илими, билими анын ийгилиги жөнүндө айтып жатсам, «сен эмне Путинди сүйөсүңбү, Путинге турмушка чыксаң баары укмуш болот деп ойлойсуңбу?» дегенде ушунча билим деңгээлинин төмөндүгүн байкадым. Апам «чогуубилим аласыңар, чогуу иштейсиңер, жашап кетесиңер. Кызым, кемчиликсиз адам болбойт. Ушул балага турмушка чыгасың, жашайсың» — деп буйрук бере баштады. Мен болсо Стамбулда жашаган тайкем менен сүйлөшүп, «High Times»  окуу борборун Стамбулда ачуу үчүн учуп кеттим. Ошол маалда Таланттын үй-бүлөсү, тууган уругу биздин үйгө куда түшүп келишет. «Кызыбыз Стамбулга кеткен, Талант менен баш кошушуна каршы эмеспиз. Экөө бал айын ошол жактан өткөрсүн» — деп кудалашып, кол алышат. Атам Таланттын акчасы жок экенин байкап, колуна  миң доллар карматып, Турцияга жөнөтөт. Экөөбүз Стамбулдан нике кыйып жашап калдык. Талант тил билбегендиктен ишке орношо алган жок, тапкан ташыганым ичкен тамак-аш, батир ижарасынан ашпайт. Анча-мынча ата-энем, бир тууган байкем акча салып турду. «Жандоочу кийик аттырат» деген макалдын төркүнүн ошондо түшүндүм. Эки кат болуп калганда ишти алып кетүү аябай оор болду. Тапкан ташыганым жетпей калганда Астанага көчүп кетүүгө аргасыз болдук. Ал учурда Астанада менин бизнесим укмуш иштеп жаткан. Ошентип Стамбулда 6 ай жашап, Астанага көчүп кеттик. Астанада иштеп жүргөндө «Талант ай күнүм жакындап калды, участок алып там баштайлы. Батирден батирге көчүп жүрө беребизби» деген суроомо, «ата-энем жардам бербейт, участок алганга акчам да жок» деген жооп алдым. Ата-энем иштетип жаткан «High Times»  окуу борборунан түшкөн акчанын эсебинен атам Талантка 5 миң доллар берген. Ал учурда мен Астанада иштеп жүргөм. Талант Бишкекке келип участок алып, аны өзүнүн атына жаздырып алган. Мен Астанадан иштеп акча салам, сен куруучуларды көзөмөлдөп там сала бер деген сунушума дароо макул болгон.  Экөөбүз эки жакта жүрүп, үч кабаттуу үй салдык. Ай күнүм жетип, тун уулум жарыкка келди. Жолдошумдун жанына келип, экөөбүз үйдүн бир бөлмөсүн бүтүрүп кирип алдык. «Мындан ары Астанаңды токтот, кереги жок. Кыргызстанды эле кыйратчы» — деп мээмди жей баштады. Үйдү толугу менен бүтүрүп алгандан кийин Астанадагы ишимди токтотоорумду айтып, иштей бердим. Талант кол көтөрүп, ур-токмокко ала баштаганда ажырашып кеттим. Балам торолуп калганда апама таштап Астанага кайра кеттим. Кечирим сурап, экинчи кол көтөрбөй турганын, мындан ары намаз окуурун айтты.  Анда дагы ортого апам түшүп, ой боюма койбой жашатып койду. Жанында болсом маңдайыма олтурап алып мээмди жеп, тынчтык бербейт. Алыста жүрсөм телефон чалып алып,  «ким менен жолугасың, кандай партнёр же эмне төшөктөгү партнёруңбу» деген арам ойлор менен көңүлүмө көк таштай тийди. Үйдүн ичи-тышын ремонттоп бүткөн соң Астанадагы ишимди токтотуп Бишкекке келе бердим. Ошентип экинчи балам боюма бүтүп калды. «Көнгөн адат калабы уйга жүгөн салабы» демекчи, баягы ур-томогу, жемелегени калган жок. Ушундан стресске  түшүп, басынып, басылып, чүнчүп  үйдө олтуруп калдым. Экинчи балам боюмда барда катуу уруш чыгып, денем көк-ала болгончо сабады. «Апа, мындан ары бул акмак менен жашай албайм. Мага тынчтык керек»  — деп ыйлап бардым. Апам «кой кызым, эл эмне дейт? Тигинин кызы эки эрден чыкты деген кеп кетет. Эл караган жүзүбүздү жер каратпа. Чыда, жашоодо баары болот» — деп койду. Талант өзү иштебейт  же мени иштетпейт, заңгыраган үйдө нанга акча таппай калдык. Айла жок, Казакстанга кетүүгө туура келди. Ошентип Карагандада апам, балдарым болуп  жашап калдык. Талант издеп келип кечирим сурап, мени менен жашаарын айтты. Апам  кайра эле, «эл эмне дейт?  жашайсың, убагы келгенде оңолот» — деп кыйноо менен жашатып койду. Адатынча сөгүп, кагып, тилдеп кол көтөрө- баштады. Аягында апамды да көзгө илбей калган. Ошондо апамдын назары сынды. Кош бойлуу экениме карабай апамдын көзүнчө сабап салды. Ачуум менен милицияга арыз жаздым. Анан Таланттын ата-энесинен тууган уругуна чейин чалып, кечирип сурап, арызды кайтарып алуумду өтүнүштү. Бир тууган эжесинин бышактап ыйлаганынан жазган арызымдан баш тартып, Талантты чыгарып алдым. Мына бүгүн эртең төрөйм деп турган учур эле. Брайан Трейсинин тренингдерине алып барып, ар кандай семинарларга катыштырдым. Бир аз оңолуп, түшүнүү менен карап калды. Казакстандагы фирмамды он миң долларга сатып, ал акчаны үйгө жумшадык. Ошентип Казакстандагы ишим токтоду. Бишкекке келгени үйдө олтуруп калдым. Окуу борборлорумдун баарын жаптырып, саттырып жатты. Акыр аягында Toyota Cresta менен Джип  машинемди саттырып жаны тынды. Аял киши жоолук салынышы керек, сенин минтип жүргөнүң болбойт деген мааниде күнүнө уруш чыгарып, токмоктой баштады. Макул, аныңа да макулмун деп жоолук да салындым. Заңгыраган тамда күндө уруш-талаш, кыйрык, бир сындырым нанга акча жок күндө жашадым. Акыр аягы Талант Москвага иштеп кетти. Анын кеткенинен пайдаланып илим-билим алдым, тренингдерге катыштым, өстүм. Ошондо Вадим Мальчиковдун семинарына 1000 сом таап барсам мага аябай дем берди. Семинарларга катышып өзүмдү көрсөтө баштадым. Анан мени Кариб денизинде карабльде иш алып барууга чакырып, болгону билетке эки миң доллар табышым керек экенин айтышты. Мен таптым, демек мен илим, билим алууну кааладым. Тынчтыкты кааладым. Бир эжеден карызга алып окууга кетем деп даярдана баштадым. Ал учурда жолдошум Москадан келип калган. «Сен кайда кетесиң, кайда барасың?» — деп ур-токмокко алып, чекеме тапанча такап, атып өлтүрөөрүн айтты. Ал эми тапанчаны кайдан, кимден алганын билбейм, билгим да келбейт. Ал күндөр өттү, кетти. Ошол окуядан кийин жети айлык кызымды апама таштап, өзүм качып кеттим. Мен ушуну кааладым (ыйлап). Мен окууда жүргөндө Талант  үйгө барып ызы-чуу кылып, кызды талашканын баары билет. Апам «кызым кантебиз, бул акмак менен кантип жашадың» — деп ыйлап чалды. Мен «апа ыйлабаңыз, мен жакында барам. Сиз эч ойлонбой балдарды өзүнө берип коюңуз, өзү бага берсин» — деп койдум. Келишим бүтүп Кыргызстанга келип Талант менен сүйлөштүм. Баягысын баштап сөгүп, кыйкырып баштаганда «макул, беш күн балдар сени менен болсун, ишенби же жекшенби күнү мен алып кетейин» — деп макулдаштым. Себеби ал учурда менин үйүм да, күчүм да, акчам да жетпей турган. Эми баарына өзү ээлик кылып, балдарды көрсөтпөй баштады.

-Учурда ал үйдө Талант мырза ким менен жашап жатат?

-Таланттын үчүнчү келинчеги менен жашайт. Баса, биринчи жубайынан улуу баласын да алып келип алган. Ал келин менен байланыша алган жокмун. Бирок ал келинди да ур-токмокко алып, күн көрсөтпөйт экенин жакшы билем. Азыр  менин балдарымды ошол келин карап жатат, учурда  анын да боюнда бар.

-Сизди апаңыздын үйүн саттырган деп жатат? Мунун канчалык чындыгы бар?

-Апам, “кызымдын жашоосу кандай болот, эл эмне дейт деп жүрүп кызымдын жашоосуна балта чаап алдым” — деп өзүн күнөөлөп жүргөнүн жакындарым айтып калат. Атам Таланттын эки жүздүүлүгүнө нааразы болуп жүрүп өтүп кетти. Атам каза болгондон кийин апам «кызым, сенин колуң такыр эле бошобойт. Неберелеримди тигиниң көрсөтпөйт. Андан көрө Ошко эле кетейин. Тууган урук, жоро жолдош Ошто болгондон кийин шаарда эмне кылмак элем, андан көрө шаардагы үйдү саталы»  — деп айтып калды. Макул болдум, колдодум. Шаардагы үйдү сатып, Оштон там сатып берип койдум. Талант жанын жеп жалган сүйлөгөндү токтотсун! Баса, мен 7 айлык кызымды Талантка эмес апама таштап кеткем. Бирок, Талант апама тынчтык бербей баланы талашканда аргасыз берген. Керек болсо күбөлөрдү таап бере алам. Мен ар бир сөзүмө жооп берем.

-Сиздин мындан кийинки кадамдарыңыз?

-Интернет булактарына желдей тараган видео тасмадан өзүмдү көрүп алып аябай кыжаалат болдум. Көрсө, айбандын жанында жүрсөң айбан болуп калат турбайсыңбы? Эми мен Талант менен урушуп-талашпайм жана да сүйлөшпөйм. Мен эми жактоочу менен гана сүйлөшөм. Ар бир айтып жаткан сөзүмдө калет бар. Мен аягына чыгам, жана мыйзам аркылуу  баары мен тарапка өтөт деп ишенем. Сот бул ишти көз жаздымда калтырып же чубалжытып узарта албайт. Мен Аялдардын укугун коргоо бонча Эл аралык конгресске кат жолдоп, Кыргызстандагы аялдардын укугун коргойм. Мен эмес, Талант эч нерсеси жок көчөдө калат.

Oper.kg

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here