Домой Маек / Интервью Раджаб Абдурасулов, ишкер: «Экс-судья Мамытов офистериңди бербейм, бизнесиңди тартып алам, түрмөгө отургузуп...

Раджаб Абдурасулов, ишкер: «Экс-судья Мамытов офистериңди бербейм, бизнесиңди тартып алам, түрмөгө отургузуп жок кылам деп коркутуп…»

136

Биринчи бөлүк

Президентибиз Сооронбай Жээнбеков: «Мамлекетибизде судьялардын арасында уюшкан кылмыштуу топ бар», — деп белгиледи. Өлкө башчыбыздын айткандарына экс-судьянын мисалы далил десек жарашат.

Гезит бир нече сандан бери экс-судья Мамытов Эмил жана анын үй-бүлөсү жубайы Чолпон Шаршенова, баласы Эмилбек уулу Мырзабектин ишкер Раджаб Абдурасуловду, анын ишкерликтеги өнөктөштөрү Россиянын, Казакстандын жарандарын “алдап сызга отургузуп” кеткени туурасында макалаларды жарыялады. Анда экс-судья Мамытов ишкер Абдурасуловдун жана анын өнөктөштөрү менен бирегеликте ачкан темир жол менен жүк ташуу, ал жүктү сактоо жана логистика менен алектенген компаниясына ишке кирип, кийин кайра аларды “алдап” компанияларына, “мүлктөрүнө” ээлик кылып алганы, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына 6 200 000 сом зыян ири өлчөмдө зыян келтиргени жазылды. Бул боюнча укук коргоо органдары коррупцияга каршы күрөштүн алкагында чара көрүшө элек. Эмесе мына ушул чырлуу иш туурасында экс-судья менен мыйзамдуу талаада күрөшүп жаткан ишкер Раджаб Абдурасуловду кепке тарттык. 

— Раджаб мырза, сиз экс-судья Мамытов Эмилди качан жумушка кабыл алгансыз? Кимдин буйругу менен, кайсы компанияга Мамытовду директор кылып  шайладыңыз?

— Мен жумушсуз калган экс-судья Мамытов Эмилди 2010-жылы октябрь айында жумушка алганмын. Ишсиз көчөдө калгандыгын билип ага боорум ооруп, өзүмдүн компанияма жумушка чакырып, ага баштапкы учурда 10 миң сом өлчөмүндө айлык акы төлөп берип жумуш менен камсыз кылганмын. Экс-судья Мамытовдун жумушсуз калганын мен интернеттен билип калдым. Кийин телефонуна чалып, өзүмө баарлашууга чакырдым. Мамытов ошол жылдары Аламүдүн райондук соттун төрагасы кызматынан ал кездеги президент Роза Отунбаеванын буйругунун негизинде ишиндеги кемчиликтери үчүн мөөнөтүнөн мурда бошотулган экен.

Ал сот системасынан кеткенден кийин өзүнүн турмушун, кыйналган күндөрүн, көп карызга батканын айтып берди. “Кыйналганымдан Чүй – Панфилов көчөлөрүнүн кеслишинде жайгашкан элитный квартирамды 300 000 долларга сатып жатам” – деп мага айтты.  Анын абалына боорум ооруса, бир четинен жөнөкөй судьянын квартирасы 2010-жылы түшүмө кирбеген 300 000 доллар турганына  таң калдым! Ошого карабай, кыйналып жатса жардам кылайын деп Мамытовду менин 70% үлүшүм,  казакстандык жарандын 30% үлүшү бар ОсОО «Транс Мониторинг» деген компаниябыздын Кыргызстандагы филиалына директор кылып дайындадык.

Бул компания Москва, Киев, Алмата, Ташкент, Душанбе шаарларында өзүнүн өкүлчүлүктөрүн ачкан. Мен бул компаниянын башкы офисинде Алмата шаарында  мурун иштеп жүргөнмүн. Экс-судья Мамытов Эмилдин кандидатурасын Кыргызстандагы филиалга жетекчи болсун деп бир жолу Алматада, экинчи жолу Москвада «Транс Мониторинг» компаниясынын чогулуштарында өзүм кесиптештериме сунуш кылгам.

— Экс-судья Мамытов сиз менен канча жыл иштеди? Анан аны эмне себептен улам, качан жумуштан бошоттуңуз?

— Экс-судья Мамытов Эмилбек менин кол алдымда 2010-жылдан баштап 2017-жылга чейин иштеди. Аны мен 2017-жылы өзүмдүн буйругум менен жумуштан бошоттум. Жумуштан бошотоордон мурун анын уулу Мырзабек экөөнүн көп финансылык афераларын таап, аларга бир топ эскертүүлөрдү бергенмин.  Кийин аудит өткөргөндө экс-судья Мамытов жана анын уулу Мырзабектин финансы афераларын таап, Бишкек шаардык ИИББга кайрылдым. Ошондо ата менен балага 2017-жылдын 15-февралында алдамчылык, бирөөнүн мүлкүнө ээлик кылып алуу боюнча кылмыш  иши козголуп, бүгүнкү күнгө чейин тергелип жатат. Эгерде тергөө укуктук талаада жүргөндө эки жылга чейин созулмак эмес. Эмне үчүн? Анткени, кылмышка ишине экс-судья шектүү катары өтүүдө…        

— Кантип сиз ушунча жыл жаныңызда жүргөн адамдын көз боёмочулугун байкабай жүргөнсүз?

— Экс-судья Мамытов Эмилди 7 жыл ичинде эки жолу кемчиликтерин көрүп, финансы афераларын түшүнүп, көп кишилерге болгон карыздарын билип жумуштан кууганмын. Мамытов эки жолу иштен кетип, кайра келген. Эки жолу мага таарынып, “Мен жумушсуз калбайм, ортомчу болсом да айрым адамдардын соттогу маселесин, кээ бирлердин милициядагы көйгөйүн чечип акча таап үй-бүлөмдү багам” – деп ыйлактаган. Мен ага кайра боорум ооруп жумушка чакырып, кошумча акча-дивиденд бере баштадым.

Анан 2013-2016-жылдар компаниянын 90% кызматкерлери экс-судья Мамытовдун туугандары болуп калды. Көрсө, Мамытов атайын туугандарын менин компанияма жумушка орноштуруп, параллельно компания ачып, мен дагы бизнесмен болом деп менин КМШдагы чогуу бизнес кылып иштешип жаткан өнөктөштөрүмө, клиенттериме “мени менен иштешкиле” деп кат жазып интрига кылып жүрүптүр. Ал түгүл Мамытов ар турдүү шылтоо менен коллективде чыр-чатак чыгарып, менин мурун алып келген кызматкерлеримди жумуштан кетирип, туугандарына орун бошотуп, мени көп досторумдан ажыратты.

Мамытовдун жаман ойлорун, аферасын кеч болсо да түшүнүп, аны менен сүйлөштүм. Ошондон кийин экс-судья Мамытов мага кагазга келишим түзүп келген. Ал келишимде мен түзгөн бизнести бөлүштүрүптүр. Анда “Бир компания мага өтөт, бир компания ага, Осмонкул 113 дарегинде жайгашкан бир офис мага өтөөрү, Никитина 2 дарегиндеги экинчи офис ага өтөөрү жазылып, кол коюп көтөрүп келиптир. Ошондой эле, 100 000 доллар кошумча жазган келишмге көрсөтүп, мени «доля» байлаптыр. Мен аябай таң калдым. Натыйжада экс-судья Мамытовго элге күлкү болгончо, сенин махинацияң мага зыян болсо да тиешелүү органдарга кайрылбайын деп, анын келишимине макул болуп кол коюп бергенмин. Келишимдеги мага караштуу бүт пункттарды аткардым. Мамытов аткарган жок!  Келишимдеги Осмонкул 113 көчөсүндөгү жайгашкан офис мага, Никитина 2 дарегиндеги офис ага өтүш керек болчу. Көрсө Мамытов жана анын жубайы Шаршенова Чолпон, уулу Мырзабек мени караманча сызга отургузмак болушуптур.

Бул келишимде «Меридиан Логистик» деген компания жок. Бирок азыр Мамытов ал компанияны мыйзамсыз жол менен менчигине өткөрүп алган. Бул компаниянын 50%ы менде, 50%ы россиялык жаран В.Н.Куриленкодо болгон. Россия жаранынын 50% үлүшүн экс-судья Мамытов жасалма жол менен колун жасап алган. Ал эми мен үлүшүмдү көз боёмочулук жол менен алдап алган. Анан кийин мага “Офистериңди бербейм, бизнесиңди тартып алам, сенин колуңдан эч нерсе келбейт. Мен судья, прокурор болуп иштегенмин. Мени бул органдардын баары колдойт. Сен андан көрө үнүңдү чыгарбай отур. Антпесең түрмөгө отургузуп, жок кылам” – деп коркутуп жатпайбы?.. Бирок ал чыныгы кадрдык офицер кандай болоорун билбейт экен. Ал мени өзүнө окшош чычкан жүрөк, пайданы көрсө аялын сатат деп ойлоптур!..

Раджаб мырза, сиз өзүңүз жөнүндө айтып кетсеңиз?

—              Мен өзүм кыргыз мектепте окудум. Менде патриоттук сезим күчтүү. Ал кезде көпчүлүк орус мектептеринде окуса, мен кыргыз болгондон кийин деп кыргыз мектепте окудум. Андан соң Украинадагы жогорку аскердик училищаны, Москвада Аскердик академияны бүттүм. Украина, Россия, Тажикистанда, Кыргызстанда кызмат кылып полковник чинине ээ болуп пенсияга кеткенмин. Баткен согушунун ардагеримин.

— Бизнеске кантип келип калдыңыз?

— Пенсияга кеткенден кийин мурунку советтер союзунун учурунда байланышта болгон жакын санаалаш офицерлер чогулуп, логистикалык компанияларды КМШ шаарларында ачып, чогуу иштей баштадык. Биздин жумушубуз темир жол менен жүк ташуу, ал жүктү сактоо жана логистика болчу. Биз ошол 10 жыл мурун түзгөн командабызды Россияда, Казакстанда, Украина, Белоруссия, Өзбекстанда сактап калдык. Биздин арабызда бир эле экс-судья Мамытов Эмил четтен келген жалданма кызматкер болчу. Анан Мамытов «мактаган кыз тойдо оосурат» болду. Өкүнүчтүүсү Мамытов кадровый офицерлерди, мекенди автомат кармап коргогондорду, ажалдан коркпогондорду өзүнө окшош коён жүрөк, пайданы көрсө аялын сатчудай элестетип алган окшойт. Биз мекенди Баткен тоолорунда коргоп жүргөндө Мамытов судья болуп иштеп элитный квартира алып, анан аны  300 000 долларга сата албай жүрүптүр.

Азыр менин айлана-чөйрөмдө баягы эле советтер учурунда кызмат кылган офицер досторум турат. Башкача айтканда, Советтер армиясында, Кыргызстандын армиясында көп жыл чогуу кызмат кылгандар, Украинада, Москвада чогуу окугандар. Алардын кээ бири мага “Мамытовду жумушка алгыча бизден бир армиянын ардагерин жумушка алсаң болмок” – деп айтышат.

Экс-судья Мамытов Эмил өзүнө окшогон судья, прокурор досторуна ишенип адашты. Андай учур өтүп кетти деп ойлойм.

Раджаб мырза экс-судья Мамытов өзүнүн айрым судья, прокурор досторуна ишенип адашты дегенди айттыңыз. Экс-судьянын «крышасы» ким деп ойлойсуз?..

— Мен бизде көпчүлүк судья-прокурорлор таза, өз иштерин мыкты билишет деп ишенем. Бирок алардын арасында ой-максаттары таза эместер жок эмес.  Мына Мамытов Эмил көп жолу мени жана менин казакстандык, россиялык кесиптештеримди “Кыргызстандын күч органдарында досторум бар, туугандарым бар, жердештерим бар” – деп коркуткан. Мен алардын фамилиясын азырынча айтпай турам. Себеби алар азыр дагы мамлекеттик кызматта отурушат. Алардын көбүн экс-судья Мамытов алдамчылык жол менен, аларга чындыкты айтпай колдонот экен!

Экс-судья Мамытов Эмил укук коргоо органдарынын кээ бир таза жетекчилерин алдап мага каршы да иштеткен, пайдаланган. Ал өзүнүн баскынчылык ишине ИИМдин Ленин райондук Күзөт департаментинин кызматкерлерин  алдамчылык жол менен пайдаланып мени офистен кууп чыккан. Мен ИИМдин кайсы бир генералын алдамчылык жол менен өзүнүн арам ишине колдонгонун билем. Ал киши чыныгы профессионал, таза жетекчи катары  Мамытовго алданып калганына өзү таң калды! Мамытов ал кишини дагы алдап, 60 миң долларга сызга отургузуптур! Мына аферисттин аферасы. ИИМдин генералын алдап жатат. Ошондой эле өзүнүн шылуундук, баскынчылык ишине Чүй областынын райондор аралык экономика боюнча сотунун төрагасы Курманов Ашыр Такишевичти дагы аралаштырып жатат.

Анткени Мамытов Эмил ОсОО «Меридиан Логистик» ишканасынан россиялык жаран Куриленко Виктор Николаевичке тиешелүү 50% пайыздык өлчөмдөгү ээлигин өзүнүн аяшы жеке нотариус Кожомкулова Айгүл Эсенжановнанын жалган нотариалдык тастыктоосунун негизинде тартып алган. Бул окуя боюнча ушул күнгө чейин Мамытовго жана нотариус Кожомкулова Айгүлгө карата кылмыш иши козголбой, мыйзам чегинде тиешелүү баа берилбей келе жатат. Буга жолтоо болгон Курманов Ашыр Тукешович Чуй областынын райондор аралык сотунун төрагасы экенине мен бөркүмдөй ишенем. Себеби нотариус Кожомкулова Айгүл анын жубайы. Мамытовдун “крышасы ким” дегенге ушул жерден жооп тапса болот.  Судья Курманов Ашыр эки жолу бул окуя боюнча мени менен “кокустан” жолуккан болуп кезиккен.  Ошондо  Курманов Ашыр “жакшы жол менен, мыйзам чегинде бул чыр-чатакты чечели” дегендин ордуна, мени өзүнүн  таасирдүү «байланыштары» менен коркуткан.

Ал эми судья Курманов Ашырдын жубайы нотариус Кожомкулова Айгүл бир жолу жолуккан. Нотариус Кожомкулова дагы мени өзүнүн жогору жактагы байланыштары бардыгын айтып коркуткан. Ал эми судья Курманов Ашыр өзү экс-судья Мамытов Эмил менен чогуу менин адвокатымды тааныган бир судья аркылуу чакырып: “Сен адвокат болсоң боло бер, бирок  Абдурасуловго адвокат болбо. Башка жерден да акча тапсаң болот. Биз Абдурасулов менен өзүбүз чечишебиз” – деп «опуза” кылышкан. Менин адвокатым адамдык касиетти бийик туткан, калыс, мыйзамды сыйлаган, өз ишинин чыныгы профессионалы катары алардын максатын түшүнүп, аларга маселени мыйзам менен чечүүнү айткан.

Мен судья Курманов Ашыр мага жакшы ойлор менен, маселени тынчтык жол менен сүйлөшүүнү максат кылып жолукту деп ойлогом. Көрсө, ал адвокатыма опуза кылган ыкманы мага дагы колдонуу үчүн келиптир.

Уландысы бар

Булак: «Фабула пресс»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here