Домой Укук / Право Экс-судья Мамытов эл аралык деңгээлдеги «эшек жүктөрүнүн» изин кантип жашырууда…

Экс-судья Мамытов эл аралык деңгээлдеги «эшек жүктөрүнүн» изин кантип жашырууда…

97

Экс-судья Эмил Мамытов менен баласы Эмилбек уулу Мырзабектинмыйзамсыз иштери туурасында бир катар материалдар жарыяланды. Бирок азырынча укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү чара көрүлө элек. Албетте, тергөө иштери жүрүп жатканын эске алсак, адилеттүү чечим чыгышы абзел. Ишке тоскоол болгон экс-судьянын укук коргоо органдарындагы шектүү байланыштарына чекит коюлушу кажет.

Буга чейин экс-судья Мамытов менен баласы Мырзабек казакстандык бир катар компанияларды сызга отургузуп, алар сотко кайрылып ата-баланы жүз миңдеген доого жыкканы туурасында белгилгенбиз.Алсак, «Шынгар Транс» компаниясы 27 миң долларга жакын суммага доо коюп, Алматы шаардык сотуна берип жеңип алган. Дагы бир «Блюс парк» компаниясы 45 271 долларчыгым тартканы боюнча арызданып соттон утуп алышкан. Ошондой эле казакстандык дагы бир «Инком транс»  компаниясы да сотко берип, 80 000 доллар доо коюп жатат. Кылмыш иши Алматы шаардык сотунда каралууда.

Ушундан улам Мамытовдор кандай камырдан жасалган, алар аралашкан  кылмышка шектүү иштер канча эшекке жүк болот деген суроо пайда болот. Тиешелүү укук коргоо органдары каякты карап жатышат? Качан мыйзам алкагында чара көрүшөт?  Дегенибиз, экс-судья Мамытов жана баласы Мырзабек учурда Алматы шаардык сотунун чечимдерин аткаруудан, карыздарын төлөп берүүдөн качып, изин жашыруу аракеттерин көрүүдө. Себеп дегенде Алматы шаардык соту экс-судьянын баласы Эмилбекуулу Мырзабек жетектеген компаниялар казакстандык компанияларга карыз экендиктери туурасында чыгарган чечимдерин эл аралык келишимдердин негизинде Кыргызстандын сот аткаруучуларына жиберип, оңдуу жооп ала албай жатышат. Кыргызстан тарап жогоруда аталган компаниялардын дарегин тапкан жокпуз деген жоопторду берген. Көрсө, бул жакта ишкер Раджап Абдурасулов менен соттук процесстерде соттошуп жүрүшкөн ата-бала казакстандык компанияларга карызын төлбөш үчүн ээлик кылган компанияларынын катталган даректерин өзгөртүп, директорлорун алмаштырып, из жашыруу механизмдерин ар дайым тынымсыз жүргүзүп келе жатышыптыр.

Мына Алматы шаарынын район аралык экономикалык соту казакстандык “Шынгар Транс” компаниясына ОсОО “Рейл Логистик” компаниясын 27 724 доллар төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган. Соттон утулган “Рейл Логистик” компаниясынын директору эск-судья Мамытовдун баласы Эмилбек уулу Мырзабек болуп эсептелет. Аталган компаниянын Бишкек шаарынын Логвиненко көчөсүнүн №59 дарегинде катталган. Болгон банктык операцияларга кол коюу, келишим түзүү жана башка документтик иштер Эмилбек уулу Мырзабектин колу аркылуу жүргүзүлүп турган. Ал эми Минюста болсо аталган компаниянын ээси, башкы директору болуп Сагынбек уулу Жайлообек катталган. Бирок аты аталган жаран казактарга 26 724 доллар карыз болгон компаниянын кожоюну экенин билбесе керек. Балким билсе аны дагы Эмилбек уулу Мырзабек ири суммада сызга отургузган болот.

            Мындан сырткары, казакстандык дагы бир «Блюс парк» компаниясы 45 271 доллар өлчөмүндө  «Петролиум Логистик» компаниясын сотко берип утуп алды. Казакстандык компанияга ири өлчөмдө сумма карыз болгон «Петролиум Логистик»  компаниясынын дагы директору экс-судья Эмил Мамытовдун баласы Эмилбек уулу Мырзабек болуп саналат.  Ата-бала доогерлерден изин жашыруу максатында «Петролиум Логистик» компаниясынын дарегин, ээлерин бир нече ирет алмаштырышкан.

Башкача айтканда, аталган компания 2016-жылы июнь айында ачылганда экс-судья Эмилбек Мамытовдун өзүнүн жашаган үйүндө Осмонкул 106 дарегинде катталган.  Мамытов өзү компания ээси, баласы Мырзабек директор болгон. Анан ата-бала казакстандык «Блюс парк» компаниясын 45 271 доллар ири өлчөмдө суммага сызга отургузган соң, 2018-жылы февралда компаниянын учредителин жана директорун Мусаев Нурбек Керескулович деген белгисиз жаран менен алмаштыра койгон.  Бирок кызыгы, өзүнүн үйүнө катталган компаниянын мурунку Осмонкул 106 дарегин өзгөрткөн эмес.

Качан казакстандык компнаия соттон утуп,кыргызстандык укук коргоо органдарына кайрылганда, Мамытов менен баласы Мырзабек карыз болгон компаниясынын ээсин, катталган даректерине чейин кайрадан өзгөртүп чыгышкан. Тактап айтканда, 2019-жылы июнда эле шашылыш түрдө Мусаевге каттатышкан «Петролиум Логистик» компаниясын кайрадан Чойбекова Айгүл Аралбековнага өткөрүшкөн. Бул жолу катталган даректерин Бейшеналиева 15/1 кылып жаңылашкан.

Айтмакчы, жоопкерчиликтен качыш үчүн экс-судья Мамытов компаниясынын учредителин, даректерин гана өзгөртпөстөн, баласынын фамилиясына чейин  алмаштырып, издөө салган укук коргоо органдарына оорчулук жаратып, адаштырууда. Башкача айтканда, мурда баласы Мамытов Мырзабек болсо, кийин Эмилбек уулу Мырзабек болуп алган. Анан бир топту ири суммага алдап кеткенден кийин Эмилбеков Мырзабек кылып өзгөрткөн.

Айтор, экс-судья Мамытов менен баласы Мырзабек казакстандык соттордун Кыргызстанга жиберген чечимдерин аткарбоо максатында из жазгыруу аракеттери биздин укук коргоо органдарынын көз жаздымында калбоого тийиш. Себеп дегенде, ата-бала компаниянын ээси менен жетекчисин канчалык алмаштырышпасын документтерге кол коюу, банктык эсеп-кысап операцияларын жүргүзүү укуктарын өздөрүнө калтырышкан. Бул нерсени “Блюс парк” компаниясына берген кепилдик каттары тастыктап турат. Демек, «Петролиум Логистик»  компаниясынын ээлери ата-бала экени айныксыз чындык. Андыктан даректерин сыйпалап таппай жаткан Кыргызстандын соттору, тиешелүү органдар бул жагдайга маани берип, мыйзам чегинде чара көрүүгө милдеттүү… Эгер укук коргоо органдарына экс-судья Мамытов менен баласы Мырзабекти табуу кыйынга туруп жатса, мүлктөрүн тарттырып жиберип соттошуп жаткан Р.Абдурасуловго кайрылышпайбы?..

Булак: «Фабула пресс»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here